Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Июнь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:37

ИРАК СОГУШУНУН БОЛЖОЛДУУ КЕСЕПЕТТЕРИ


Нарын АЙЫП, Прага Америка Кошмо Штаттары Иракка каршы согуш баштаса, өкмөт жана аскер гана эмес, карапайым калк дагы жапа чегээри белгилүү. Ошондуктан, эл аралык уюмдар азыртан Ирак элине гуманитардык жардам көрсөтүүгө даярданууда.

Башталаары ыктымал болгон Ирак согушу менен байланыштуу Бириккен Улуттар Уюмунун жашыруун маалыматтары жакында интернетке уруксатсыз жарыяланды. Аларга караганда, эгер согуш башталса, куралдуу кагылышууларда кеминде 100 миң Ирак жараны курман болот же жараат алат жана дагы 400 миңге жакын адам согуштан кыйыр түрдө жапа чегет. Мисал үчүн, алар бузулган ооруканалар же башка тейлөө кызматтарынан пайдалана албай калат.

Андан тышкары, эки миллионго жакын адам качкынга айланышы күтүлүүдө. Ал эми Ирактын түндүгүндө 5 миллион 400 миң киши жана өлкөнүн түштүгүндө 3 миллион 700 миң адам азык-түлүксүз калышы мүмкүн. Согушу жок деле Иракта азыр тамак-аш тартыштыгы бар, анткени өлкө өзүнүн кирешесинин дээрлик бардыгын аскерий өндүрүшкө жумшайт, ага каршы эл аралык чектөөлөр жарыяланган, гуманитардык жардам болсо жетишпейт.

Улуу Британиялык "Балдарды сактагыла" аттуу гуманитардык уюмдун маалыматтары боюнча, Иракта жашаган балдардын 23 пайызы азыр тое тамак жебейт. 1991-жылдагы согушта бузулган кээ бир жолдор, электир жана суу системалары эмгиче оңдоло элек, өлкөдө иштеген эл аралык уюмдар болсо элге жетиштүү жардам көрсөтө албайт. Алар негизинен "Мунай үчүн азык-түлүк" программасынын алкагында аракеттенгендиктен, Ирактын өзүнүн аймагында тамак-аш кампаларын курууга укугу жок. Ошондуктан, гуманитардык уюмдар согуш учурунда керек боло турган тамак-аш жана башка буюмдарды азыр Ирактын чек арасынан сырткаркы аймактарда топтой баштады.

Иракка кошуна Ирандын өкмөтү азыртан эле чек арага 19 качкындар айылын курууга киришти жана эл аралык уюмдарга кайрылып, 800 миң качкынга жетерлик жардам керек экендигин айтты. Ирактын түндүгүндө жайгашкан Түркия болсо, Анатолияга келиши болжолдонгон качкындар үчүн атайын айылдарды Ирактын өзүнүн түндүк аймактарында курууга ниеттенүүдө, анткени Түркияга үркө тургандардын көпчүлүгү күрддөр болууга тийиш, алардын Түркияга келишин Анкара каалабайт.

Улуу Британиянын Эл аралык өнүгүү министри Клэр Шорт жакында АКШнын ЮСЭЙД агенттигинин башчысы Эндрю Нациос менен жолугуп, согушка чейин жана согуш учурунда Иракка гуманитардык жардам көрсөтүү маселелерин талкуулады. Жакын арада бул маселе боюнча бир нече эл аралык жыйын болоору да күтүлүүдө. АКШ жетекчилигинин айтымында болсо, согуш учурунда карапайым калкка гуманитардык жардам көрсөтүү милдети америкалык аскерлердин өздөрүнө да жүктөлөт.

Бирок эң коркунучтуусу, эгер согуш башталса, Ирак өкмөтү америкалык жана башка чет өлкөлүк аскерлерге каршы химиялык же биологиялык курал колдонушу ажеп эмес, ошондуктан чет өлкөлүк уюмдар менен өкмөттөр ага да даяр болууга тийиш.

Улуу Британияда жайгашкан "Мерлин" аттуу медициналык уюмдун эксперти Жефф Прескоттун айтымында, бул бир топ татаал маселе жана химиялык куралдын кесепеттерин жоюуга эл аралык гуманитардык уюмдардын каражаты чак келбейт:

- Медициналык жактан алып караганда да, химиялык жана биологиялык же, мүмкүн, колдонула турган өзөктүк куралдын кесепеттерин жоюу өтө татаал маселе. Ал абдан көп каражат талап кылат жана аны менен көптөгөн адам иштөөгө тийиш.

XS
SM
MD
LG