Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:10

САДДАМ ЖАНА АНЫН САКАБАЛАРЫ


Бардык аян-апаздарга караганда, Кошмо Штаттардын Иракка аскери дүрбөөн салары айныксыз болуп калган сыяктанат. Шейшемби күнү президент Жорж Буш Багдаддагы режимдин куралсызданбай турганына биротоло көзү жеткендигин белгилеп, Саддамга берилген убакыт бүтүп баратат деп билдирди. Аскери акциянын качан башталарын такыктаган журналисттерге жооп кайтарып, Ак үйдүн басмасөз катчысы Ари Флейшер алардан 28-январга чейин сабыр кыла турууну өтүндү. Дүйнөнү дүмөктүү абалга салып, баарын байсал таптырбай жаткан Ирактагы режим деги өзү эмне деген байталман бийлик?

Багдаддын кутпа тарабындагы Тикрит шаарчасына жакын кыштакта төрөлгөн Саддам Хусейн 1957-жылы жаңыдан уюштурулган Баас партиясына киргенде жыйырма жаштагы боз жигит эле. Оңунан чыкпаган эки саясий кутумчулукка катышып, чет өлкөгө качканга, бир нече ай түрмөдө жатканга аргасыз болгон. Акыры анын партиясы 1968-жылдагы төңкөрүштө бийликти алып, мамлекет башына генерал Ахмад Хасан аль-Бакр келген. Ал Саддамга ары жердеш, ары тууган болгондуктан, экөө он жылча Баас партиясында үзөңгүлөш жана үлпөттөш теңадый болуп турушат. Бирок Саддам генералды астыртан бийликтен обочолоп сүрүп отуруп, 1979-жылы биротоло отставкага кеткенге аргасыз кылат. Ошол эле жылы жайда Саддам мамлекет башчысы болуп калат. Бийликке отурары менен өзүнүн ондогон атаандаштарын аттырып, көзүн тазалап таштайт. Ошондон бери Саддам бийликти мыжыга кармап, калкын төбөгө камчы үйрүп башкарып келет. Баш көтөрүп, басташкысы келгендерди эгерим аяган эмес. Түштүктөгү шииттер, түндүктөгү күрттөр козголуп чыкканда, Саддам, айрым эсептер боюнча, бери дегенде 30, ары дегенде 60 миңдей адамды кырып салган.

Саддамдын эки кызы, үч уулу бар. Уулдарынын ортончусу – 35 жаштагы Кусай атасынын ордун басчу башкы мураскер эсептелинет. Ал Ирактын тандалма аскерлерине – республикалык гвардияга башчылык кылат. Сүргүндө жүргөн ирак диссиденттеринин айтымында, атасынын оппоненттерин куугунтуктоодо Кусай бир топ эле “чоң муштумдугун”
көрсөткөн. Ал эми Кусайдын агасы Удай 1996-жылы кусаматчылардан ок жеп, оор жарадар болгон, ошондон кийин аны Саддамдын мураскери катары эсептебей калышкан. Удай азыр парламенттин депутаты, Ирактагы эң көп нускалуу “Бабил” гезитин жана кеңири популярдуу телеканалды кармайт. Келишимдүү келин-кесекке үзүлүп түшмө адаты бар дешет. Мындан тышкары мыкаачылыгы, бир канча кишинин өмүрүнө забын болгон зөөкүрлүгү менен эл ичинде күпүр-күдүң сөздөргө калган.

Президенттин эки уулунан кийин эле Багдаддагы бийликтин эң таасирдүү төбөлү делинип Саддамдын тууганы жана жеке катчысы Авед Хамид Хмоуд эсептелинет. Сүргүндөгү оппозиция аны азыркы режим кулагандан кийин сот жообуна тартыла турган он адамдын тизмесине кошуп жүрөт. Кара тизмеге Саддамдын өөк кудасы, атайын трибуналдын төрагасы Иззат Ибрагим аль-Доири да катталган. Өлүм жазасына тартылган көптөгөн адамдардын убалы ушул аль-Доиринин мойнунда дешет.

Ирактын азыркы вице-президенти Таха Ясин Рамадан кызматы жагынан экинчи адам болгону менен реалдуу таасир-күчү боюнча жетинчи орунда аталат. Бийликке ыкыласын бергиси келбегендерди ырайымсыз жазалаган катуу жаалы менен ал Саддамга жаккан. Анын үстүнө Баас партиясына экөө дээрлик бир мезгилде мүчө болуп, ошондон бери саясий ашыналыктан айныша элек. Режимге каршы адабат чыгарган жарым жүздөй ирак офицерлерин дарга астырган иштерге да учурунда Рамадан баш-көз болгон. Бир катар байкоочулар аны “багдаддык Гиммлер” деп да коюшат экен.

Саддамдын командасындагы эң байистүү, дүйнөлүк коомчулукка жакшы таанымал саясатчылардан Тарик Азиз менен Нажи Сабрини аташат. Тарик Азиз премьер-министрдин найыбы, Нажи Сабри болсо тышкы иштер министрлигин жетектейт. Экөө тең бир кездерде журналист болуп иштешкен, чет тилдерде, өзгөчө англисче эркин сүйлөшөт. Бирок экөөнүн тең реалдуу эч кандай бийлиги жок. Булардан тышкары Багдаддагы жогорку бийлик төбөлдөрүнө эксперттер айрым генералдарды, саясатчыларды кошуп жүрөт. Бирок көпчүлүгү режимдин тегирмен ташын тегереткенге, анын жаргылчагын тартканга кыйыр түрдө гана катышат. Ошондуктан аларды Саддамдын жакын саясий сакабалары деп санагандар да аз.

XS
SM
MD
LG