Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:32

Париж- Бонн кызматташуусу Евробиримдикке үлгү болот


Германия жана Франция өз ара кызматташууну дагы бекемдеп, эки өлкө ортосундагы союзду кайра жандандырайлы деп макулдашты.
Парижде эки өлкө ортосундагы Достук келишимдин түзүлгөнүнүн 40 жылдыгын майрамдоо алкагында өткөн министрлер кабинетинин кошмо кеңешмесине француз президенти Ж. Ширак жана немес канцлери Г. Шрөдер төрагалык кылышты.
Чогуу жасалган билдирүүдө эки лидер Франция-Германия ортосундагы интеграция Евробиримдиктин калган өлкөлөрүнө үлгү болот деп айтылат. “Франция-Германия ортосундагы тыгыз кызматташуу эч кимге каршы багытталбаганын жана Европалык өнөктөштөрүбүздүн бирине да өкүмдүк кылууну каалабасыбызды, ошондой эле, кызматташуу биздин өнөктөштөрүбүздүн каалоолоруна толук жооп берерин (Президент) Ширак сыпаа белгилеп кетти”,- деди Г. Шрөдер кабарчыларга.
40 жылдык мааракеге байланыштуу франциялык жана германиялык 1200 парламентарий катышкан кошмо сессия бүгүн кечинде Версаль сепил- сарайында өтөт.

XS
SM
MD
LG