Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:57

ТҮШТҮК КОРЕЯ ПХЕНЬЯНГА ЧАБАРМАНЫН ЖӨНӨТҮҮДӨ


Баян Жумакадыр кызы, Прага 25-январда Түштүк Корея БУУдан уюмдун Эл Аралык Атомдук Энергетика агенттигинин Түндүк Кореянын атомдук программасына байланышкан чукул жыйынын өткөрбөй койо турууну өтүндү. Расмий Сеул Түндүк Корей маселесин талкууга койууга чейин, кризисти дипломатиялык жол менен чечүүнүн мүмкүнчүлүгү толук пайдаланылууга тийиш деп эсептейт.

24- январда Эл Аралык Атомдук Энергетика Агенттигинин өкүлдөрү мекеме Түндүк Кореянын атомдук программасына байланышкан маселени 3-февралдагы чукул жыйынында карай тургандыгын жарыялашкан. Бирок 25-январда Түштүк Кореянын тышкы иштер министрлиги андай жыйынды өткөрбөй койо турууну өтүндү. Министрликтин өкүлү маселенин МАГАТЭде каралышы Түндүк Кореяны ого бетер өчөштүрүп, эки корей өлкөсүнүн өз ара сүйлөшүүлөрүнө жолтоо болот деп айтты.

Ушул дүйшөмбүдө Түндүк Кореянын кызмат мөөнөтү соңуна чыгып бараткан президенти Ким Дэ Йуң Түндүк Кореянын атомдук программмасына байланышкан маселени талкуулоо үчүн Пхеньянга атайын өкүлүн жибергени жатат. Пхеньянга президенттин жардамчысы Лим Доң Воң барат. Чабармандын учагы чычкан жойлогус кылып тосулуп, 37 миң америкалык солдат күндүр-түндүр күзөтүп турган чек арадан ашкан сейрек унаалардын бири болмокчу. 1950-53 жылдардагы ички согуштан кийин эки каршылаш тарапка бөлүнүп калган Корей өлкөлөрүн миналарга жык толгон демилитаризациялык тилке бөлүп турат.

Лим Доң Воң Түндүк Корей президенти Ким Чен Ирге президенттин катын тапшырат. Чабарман катта Түндүк Кореянын атомдук программасы жаатында тутанган кризисти жөнгө салуу боюнча сунуштар камтылганын, жана алдыдагы сүйлөшүүдө эки өлкөнүн президенттеринин саммитин өткөрүү маселеси көтөрүлө тургандыгын билдирди. "Биз кризисти тынчтык жолу менен, Түштүк жана Түндүк Кореянын түз диалогу аркылуу чечүүгө аракеттенип жатабыз",- деп билдирген жакында Түштүк Корей президентинин администрация өкүлү.

Жакында Түштүк Кореянын президенти болуп шайланган Ро Муу Хен Түндүк Кореяга карата "Күнчубак" саясатын жүргүзүүгө убада берип жатып, элдин ишенимине ээ болгон.

Си-Эн-Эн телеканалына берген интервьюсунда президент "Эл алдындагы намысыман жыгылсам да, Ким-Чен-Ирди биринчи болуп диалогко чакыруудан качпайм. Анткени диалог - маселени чечүүнүн ачкычы. Жолугушуу алдын ала шарт койуусуз өтүүгө тийиш", - деп билдирген. Ал ошондой эле, эгерде Түндүк Корея атомдук программасынан баш тартса, анын экономикасын реконструкциялоо программасын иштеп чыгууга даяр экенин белгилеген.

Түндүк жана Түштүк Кореянын министрлер деңгээлиндеги 3 күндүк сүйлөшүүлөрү өткөн жума күнү соңуна чыкты. Анда согушта бөлүнүп калган үй-бүлөөлөрдү баш коштуруу, эки өлкөнүн ортосунда унаа каттамдарын ачуу мүмкүнчүлүгү сыяктуу маселелер талкууланды. Бирок Түштүк Корея түндүктөгү коңшусун атомдук программасын токтотууга көндүрө алган жок. Йең-Беңдеги атомдук электростанция иштеп жатат жана Түндүк Корея атомдук реактордо калган плутонийден атомдук куралдарды чыгаруу аракеттерин улантмакчы.

Президент Билл Клитондун тушунда АКШнын коргоо министри болуп иштеген, Пхеньяндын атомдук программасы боюнча 1993-94-жылдарда тутанган кризисти чечүүнүн планын иштеп чыккан Ульям Перри окуянын мындай нукка түшүшү өтө опурталдуу экенин эскертип, Буштун администрациясынан Пхеньян менен токтоосуз түз сүйлөшүүлөрдү баштоону талап кылды:

- Бул татаал проблеманы чечүү стратегиясында АКШ бир маанилүү нерсени эстен чыгарбоого тийиш. Түндүк Кореяга өзөктүк бомба чыгарууга жол берүү менен биз бүткүл дүйнөдөгү коопсуздукту тобокелге салып отурабыз.

Түндүк Корея АКШдан кол салбоо келишимине кол койууну талап кылууда. Бирок АКШ анын коопсуздугун эле кепилдөөгө макул. Ошондой болсо да Орусия менен Кытайдын жана, акыркы күндөрдө, Түштүк Сеулдун жасаган дипломатиялык аракеттери чакан болсо да үзүрүн бере баштагансыйт. Жапон гезиттеринин бири Түндүк Кореянын тышкы иштер министринин: "Кошуна өлкөлөрдүн маселеге артын ойлоо менен мамиле кылып жатканы дурус"- деп айтканын жазып чыкты. Ушундан улам айрым саясий байкоочулар Түштүк Корей чабарманынын Пхеньянга дүйшөмбүдө жасай турган визити кризисти чечүүгө карай жылыш береринен үмүттөнүп жатышат.

XS
SM
MD
LG