Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:09

Адам укуктары боюнча эл аралык лига Кыргызстандагы конституциялык реформа тууралуу билдирүү таратты


БИШКЕК. Башкы кеңсеси Нью-Йоркто жайгашкан Адам укуктары боюнча Эл аралык лига Кыргызстандагы элдик референдумга сунушталган Конституциянын жаңы редакциясы тууралуу билдирүү таратты. Аталган эл аралык уюм өлкөдөгү реферундумду кийинки мөөнөткө жылдырууну талап кылган саясий партиялардын, бейөкмөт уюмдардын талаптарын колдоорун билдирген. «Мындай иш-чараны кийинки мөөнөткө жылдыруу коомчулуктун Башмыйзамга киргизилген алымча-кошумчалар менен толук таанышышына жана Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун референдумга өз байкоочуларын жиберишине мүмкүнчүлүк түзөт эле» деп жазылган билдирүүдө. Ошондой эле, билдирүү ээлери, Конституциянын жаңы редакциясы боюнча экс-президентке кол тийбестик берилишине, болочок мамлекет башчысына импичмент маселесин көтөрүүнүн жол-жоболорунун татаал экендигине жана парламенттик шайлоого саясий партиялардын партиялык тизме менен катыша албастыгы тууралуу жоболорго каршы экендигин билдирген.

XS
SM
MD
LG