Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:06

Бүгүн АКШнын Техас штатында каза болгон астронавттарга аза күтүү митинги өттү


АКШ президенти Жорж Буш 4-февралда Техас штатынын Хьюстон шаарында "Колумбия" космос чөлмөгүнүн жарылуусунан каза болгон астронавттарга арналган аза күтүү жыйынына катышты. АКШнын НАСА аттуу космос жана аэронавтика агенттигинин айтымында, 1-февралда чөлмөк жерге коноордун алдында анын сол тарабы өтө ысып кеткен жана ал чөлмөктүн сыртын сактаган керамиканын бузулушунан келип чыгышы мүмкүн. НАСАнын деректири Шон О'Кифтин айтымында, бирок, кырсыктын себептери толук аныктала элек: "Биз азырынча бир да жоромолду четке кага элекпиз. Бул трагедияга эмне себеп болгонун аныкташ үчүн, биз бардык факттарды чогултуп жатабыз жана факттлар ал тууралуу өздөрү айтыш керек".

XS
SM
MD
LG