Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:46

АКШ мамлекеттик катчысы Бириккен Улуттарга бүгүн Ирак боюнча кошумча маалымат берди


Америка Кошмо Штаттарынын мамлекеттик катчысы Колин Пауэлл бүгүн Бириккен Улуттардын Коопсуздук Кеңешине Ирак маселеси боюнча маалымат берди. Пауэлл сөзүнүн башында маселе - инспекторлор Иракта эмне тапканында эмес, Иракты куралсыздандырууда деп билдирди. Спутник аркылуу тартылып алынган сүрөттөрдү көрсөтүп, Пауэлл аларды химиялык курал жыйылган кампалар деп айтты жана тасмага жазылып алынган Ирак жетекчилеринин сөздөрүн угузду. Анда, Пауэллдин айтымында, Ирак кызматкерлери эл аралык инспекторлорду алдаганы жазылган. Пауэллдин пикиринде, маселеге жетиштүү маани бербесе, Коопсуздук Кеңеши өзүн опурталдуу абалга такайт.

XS
SM
MD
LG