Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:03

Франциянын президенти Жак Ширак Иракка каршы согуш ачуу үчүн БУУнун Коопсуздук кеңешинин резолюциясы керек деп эсептейт


ПАРИЖ. Франциянын президенти Жак Ширак Иракка каршы согуш ачуу үчүн БУУнун Коопсуздук кеңешинин резолюциясы керек экенин, бирок азыркы учурда согушка альтернатива бар экенин билдирди. Парижге визит менен келген Финляндиянын премьер миинстри Пааво Липпонен менен болгон жолугушууда президент согуш - маселени чечүүнүн эң начар жолу экенин белгиледи. "БУУнун Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү Иракты курасыздандыруу үчүн бардык альтернативдик жолдорду пайдаланууга милдеттүү”, - деп билдирди президент. Ошону менен катар бүгүн Франция Иракка каршы ыктымал боло турган согушка кам көрүү үчүн али эрте экенин билдирген. Бүгүн Орусиянын тышкы иштер министри Игорь Иванов Ирак кризисин дипломатиялык жол менен чечүү али мүмкүн экенин билдирген.Ушундай эле пикирди Германия да колдойт.
Европарламенттин президенти Пэт Кокс Европа лидерлерин Ирак кризисин талкуулоо үчүн саммит өткөрүүгө чакырды. Кокс Евросоюздун азыркы президенти Грецияга жасаган кайрылуусунда андай саммитти тез арада өткөрүүнүн максаты Ирак боюнча бирдиктүү позицияны иштеп чыгып, Иракты БУУнун резолюциясын аткарууга көндүрүү экенин белгилейт. Европада Ирак кризисин чечүү боюнча бирдиктүү пикир жок. Германия, Франция жана Белгия Иракка аскердик чара колдонууга каршы.

XS
SM
MD
LG