Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:45

РАМСФЕЛД: СОГУШТУ ЭЧ КИМ КААЛАБАЙТ, БИРОК АНСЫЗ МАСЕЛЕ ЧЕЧИЛБЕЙТ


Нарын АЙЫП, Прага Бир топ дүйнө мамлекеттеринин каршылыгына карабай, Америка Кошмо Штаттары менен Улуу Британия Ирактын айланасына аскер топтоону улантууда. Мюнхен шаарында өтүп жаткан эл аралык конференцияда АКШ коргоо министри Доналд Рамсфелддин 8-февралда айтканына караганда, Ирак маселеси боюнча эч нерсе кылбагандан көрө, согушка даярданган алда канча жакшы.

1960-жылдардан бери Алманиянын Мюнхен шаарында жыл сайын өткөн жана коопсуздук маселелерине арналган эл аралык конференцияга быйыл кырктан ашык өлкөдөн келген эки жүз элүүдөй адам катышууда. 7-феврал күнү конференцияны ачып жатып, Мюнхендин мэри Кристиан Уде Ирак маселесине да токтолду. Анын айтымында, эгерде Иракка каршы согуш башталса, андан эң биринчи кезекте карапайым калк жапа чегет, ошондуктан немис эли андай согушка каршы.

Бирок 8-февралда конференцияда чыгып сүйлөгөн АКШ коргоо министри Доналд Рамсфелддин айтканына караганда, Ирак жетекчилигине каршы катуу чара көрүү зарылчылыгы Америка Кошмо Штаттарынын каалоосунан эле келип чыккан жок: "Мен ачык эле айтайын - эч ким согуш каалабайт. Согуш баштоо оңой же биринчи эле колго уруна турган нерсе эмес. Бирок согуш коркунучуна караганда, кеңири кыргын салуучу курал өндүрүүгө аракеттенген Иракка каршы эч нерсе жасабай отура берүү андан да коркунучтуу болуп жатпайбы".

Бирок немис калкы Рамсфелддин сөзүнө өтө деле колдоо көрсөткөн жок. Берлин менен Париж мындан үч апта мурда АКШнын аскерий пландарын сындап чыкканда, Рамсфелд ага жооп кайтарып, Алмания менен Франция бүткүл Европанын атынан сүйлөй албайт, алар эски Европа деген. 7-февралда Рим шаарында Италиянын премьер-министри Сильвио Берлускони менен жолукканда болсо, Рамсфелд немис элине каршы багытталган дагы башка сөздөрдү айтты. Иракка каршы даярдалып жаткан согушка каршы чыккандарды сындап, ал Алманияны Куба жана Ливияга кошуп салды.

Анткен менен, Бириккен Улуттардын колдоосу жок деле биз Иракка каршы согуш баштайбыз деп мурда көп жолу айткан АКШ баары бир азыр Бириккен Улуттардын Коопсуздук Кеңешинин экинчи резолюциясын күтүүдө. Анткени АКШны такай колдоп келген Улуу Британиянын коомчулугу да согушка каршы чыга баштады жана эгерде Вошингтон менен Лондон Иракка каршы согушту өз алдынча баштаса, Британиянын премьер-министри Тони Блэр өз партиясынын ишениминен ажырап, кызматынан чегинүүгө аргасыз болушу да мүмкүн. Бириккен Улуттардын экинчи резолюциясынын эч кереги жок деп чыккан Австралиянын премьер-министри Жон Ховардка өлкө парламентинин сенаты өткөн аптада ишеним көрсөтпөй койду.

Эксперттердин айтымында, экинчи резолюциянын долбоорун азыр америкалык жана британиялык адистер даярдоого киришти жана ал - эл аралык текшерүүчүлөр Ирак маселеси боюнча 14-февралда Коопсуздук Кеңешине экинчи отчет бергенден кийин кабыл алынышы мүмкүн. "Ассошиэйтед пресс" агенттигинин жазышынча, андай резолюция ультиматум түрүндө да өтүшү ыктымал, мисал үчүн, анда - 48 сааттын ичинде президент Саддам Хусейн кызматынан кетпесе, Иракка каршы согуш башталат деп жазылышы мүмкүн. Экинчи долбоор боюнча, резолюцияда - Ирак өкмөтү эл аралык текшерүүчүлөр менен жетиштүү деңгээлде кызматташпагандыктан, ноябр айында кабыл алынган биринчи резолюция орчундуу түрдө бузулду деп айтылса да, анын негизинде Багдадка каршы согуш ачуу мүмкүн. Бирок Алмания, Кытай, Орусия жана Франциянын өкүлдөрү даярдап жаткан үчүнчү долбоор боюнча, Ирактагы аскерий өндүрүштүн абалын текшерген эл аралык инспекторлорго дагы алты ай убакыт берилүүгө тийиш.

Бул үчүнчү долбоор АКШга жакпайт, анткени Перс булуңуна 100 миңден ашык аскер топтоп, согуш машинесин иштетип салган Вошингтонду токтотуу кыйын. АКШ мамлекеттик катчылыгы - Ирактын жанындагы Израил, Йордания, Ливан, Палестина жана Сириядагы өз жарандарына эскертүү жиберип, ал аймактардан чыгып кетүүнү суранды. Элчилик-консулдуктардагы америкалык кызматкерлердин саны дагы кыскартылууда. Ошол эле учурда, АКШнын Ички коопсуздук кызматынын башчысы Том Ридждин айтымында, террордук аракеттердин жүзөгө ашырылуу ыктымалдуулугу да азыр өлкөдө өтө жогорку деңгээлге жетти.

XS
SM
MD
LG