Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:29

Айыл чарба азыктарын сатууга кошумча нарк салыгы киргизилди


Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйыны 8-февралдагы отурумунда «Кыргыз Республикасынын салык кодексине өзгөртүүлөр жана кошумчалар жөнүндө» мыйзамды талкуулап кабыл алды. Жаңы мыйзамга ылайык айыл чарба азыктарын сатууга кошумча нарк салыгы киргизилди. Кошумча нарк салыгы жылына товар жүгүртүүсү 300 миң сомдон ашкан чарбалык субьекттерге салынат. Республикада мындай чарбалардан 156. Палатанын Салык, бажы төлөмдөрү боюнча комитет төрагасы Акылбек Жапаровдун айтымында, жылына кошумча нарк салыгынын эсебинен бюджетке 150-250 млн. сом каражат түшөт. Вице-премьер министр Жоомарт Оторбаевдин айтымында, нарк салыгынын киргизилиши айыл чарба азыктарынын баасынын кескин көтөрүлүшүн шарттабайт, анткени чоң субьекттердин азыктары рынокко эмес, кайра иштетүүчү тармакка берилет. Депутат Жапаров кошумча нарк салыгынын киргизилиши айыл чарба азыктарынын баасынын кескин өсүп кетишин ыңгайлаштырышы мүмкүн, деп эсептейт. Аталган мыйзам палатада 39 добуш менен кабыл алынды. Атамекен партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөн Чотоновдун билдиришинче, кошумча акча табуу максатын көздөгөн бул мыйзам айыл чарбасынын өнүгүшүнө бут тосот. Мыйзам кыргыз өкмөтүнүн демилгеси менен киргизилген.

XS
SM
MD
LG