Кээ бир эксперттердин пикиринде, Иракка каршы согуш баштоо-баштабоо маселеси азыр эл аралык инспекторлордун колунда. Эгер алар - ноябр айында кабыл алынган резолюция бузулду десе, же Ирак өкмөтү текшерүүчүлөр менен кызматташпай койду деп айтса, Багдадка каршы согуш башталышы мүмкүн. Бирок Иракта кеңири кыруучу куралдын изи табылганы же Багдад инспекторлордун ишине орчундуу тоскоолдук түзгөнү тууралуу текшерүүчүлөр акыркы күнгө чейин эч нерсе деп айткан эмес. Өзөктүк кубат боюнча эл аралык агенттиктин деректири Мохамед Эль-Барадей Вена шаарынан Нью-Йоркко учуп чыгаар алдында "Ассошиейтед пресс" агенттигигин кабарчысы менен жолугуп, инспекторлорго дагы кошумча убакыт берилсе жакшы болоор эле деп билдирди.
АКШ президенти Джордж Буш болсо, 13-февралда америкалык аскерлер менен жолугуп, Иракка каршы күч колдонууну колдогон резолюцияны Бириккен Улуттар Уюму кабыл алууга тийиш деп жарыялады: "Мен ишенем, маселе талкууланып бүткөндөн кийин, Бириккен Улуттар Уюмуна кирген эркин улуттар - бул уюмдун таасирсиз, эч нерсеге жараксыз, жөн гана сүйлөй берген коом катары тарыхта жок болуп кетишине жол бербейт. Мен ишенем, эркин улуттар белдүү жана кайраттуу болуп, тынчтык менен эркиндикке түзүлгөн коркунучка каршы чыгат".
Америкалык президенттин пикиринде, Ирак азыр бүткүл дүйнөдөгү тынчтыкка коркунуч түзүүдө жана ага каршы согуш ачууну Бириккен Улуттар жактырбаса, ал эч нерсеге жараксыз уюмга айланат. Ошол эле учурда, америкалык жетекчилер мурда - Бириккен Улуттардын жактыруусуз деле АКШ Иракка каршы согуш баштай алат деп бир нече жолу айткан, азыр болсо алар Бириккен Улуттардын чечимин талап кылууда. Анткени бир топ дүйнө мамлекеттери согушка каршы жана АКШнын өзүндө дагы андай антисогуштук маанай күч алууда. Кээ бир америкалык конгрессмендер президент Бушту сотко да берди.
Бириккен Улуттар Уюмуна азыр 191 өлкө мүчө, анын Коопсуздук Кеңешине 15 мамлекет кирет, алардын бешөө туруктуу мүчө, калгандары мезгил-мезгили менен алмашылып турат. Туруктуу мүчөлүккө жана вето укугуна - өзөктүк куралы бар Америка Кошмо Штаттары, Кытай, Орусия, Улуу Британия жана Франция ээ. Кеңештин калган он мүчөсү азыр Алмания, Ангола, Болгария, Гвинея, Испания, Камерун, Мексика, Пакистан, Сирия жана Чили. Феврал айында Коопсуздук Кеңешинде Алмания төрагалык кылууда. Негизги беш мамлекеттин үчөө - Кытай, Орусия жана Франция согуш баштоого каршы жана аларга - Кеңеште төрагалык кылган Алманияны да кошуу керек. АКШнын катуу турумун Улуу Британия гана колдоодо, бирок анын калкы дагы акыркы мезгилде согушка катуу каршы чыга баштады.
Ошондуктан, Коопсуздук Кеңешинде согушту жактырган чечим кабыл алынаары күмөн, бирок, кээ бир дипломаттардын айтымында, Иракка каршы 48 же 72 сааттык эскертүү жарыяланышы мүмкүн. Анткен менен, эки жарым ай иштеп, кеңири кыруучу куралдын изин таба албаган инспекторлор эки-үч күндө аны таап жиберээри да күмөн. Бирок америкалык жетекчилердин айтымында, маселе андай куралды инспекторлор таап-таппаганында эмес, маселенин өзөгү - Ирак өз ыктыяры менен куралсызданышы керек экениниде. Багдад андан баш тартса, АКШ коргоо министри Доналд Рамсфелд айткандай, америкалык аскерлер Иракка киргизилип, андай курал менен террордук уюмдар табылып жок кылынмайынча өлкөдө калууга тийиш. Рамсфелддин пикиринде, кеңири кыруучу курал жана террордук уюмдар Иракта бар экени белгилүү.