Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:23

Таласта кыргыз-казак чек ара аймактарындагы соода иштерине арналган семинар өттү


ТАЛАС. Таласта кыргыз-казак чек ара аймактарындагы соода иштерине арналган семинар өттү. Казакстан Республикасы менен соода жүргүзүүнүн проблемаларына арналган семинарга коңшу өлкөнүн Жамбыл облусунун бажы кызматынын жетекчилери менен адистери, кыргыз тараптан Тышкы соода жана өнөр жай министрлигинин, Бажы инспекциясынын адистери, ошондой эле жамбылдык жана таластык ишкерлер катышты. Семинардын катышуучулары Жамбыл жана Талас облустарынын ортосундагы соода-сатык байланыштарындагы көйгөйлүү проблемаларды талкуулашты. Таласта кайра иштетүү тармагы дээрлик жок болгондуктан, өрөөндө өндүрүлгөн айыл чарба продукциясы толгон-токой кыйынчылыктар менен арзан баада Жамбыл облусуна жөнөтүлүп жаткандыгын эки тарап тең белгиледи.

XS
SM
MD
LG