Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:13

ПРЕМЬЕР-МИНИСТР ОШТО ПИКЕТКЕ ЧЫККАН ТУРГУНДАРДЫ КАБЫЛ АЛДЫ


Кожогелди Култегин, Ош Премьер-министр Николай Танаев 20-февраль күнү Оштогу иш сапарынын соңунда Барак анклав кыштагынын Ошто пикетке чыккан тургундарын кабыл алды.

Карасуу районунун Акташ айыл өкмөтүнө караштуу, Өзбекстандын аймагы менен курчалган Барак кыштагынын тургундары Ошко барып пикетке чыгууну премьер-министр Ошко келгендиги үчүн уюштурушканы жок. Ушул эле талаптарын алар 20-январь күнү тизмелеп жазышып, район акиминен өлкө президентине чейинки бардык инстанцияларга жолдошкон. Эгер эч кандай чара көрүлбөсө 20-февралда Ош шаарына барып пикетке чыгышаарын да эскертишкен. Бир ай убакыт ичинде өкмөт аппаратынын бөлүм башчысы Саламат Аламанов, Ош облус губернаторунун орун басары Атажановду ээрчитип алып барып, Өзбекстандын учурдагы катаал саясатына байланыштуу бул маселелерди жакында чечүү мүмкүн эместигин элге жылуу-жумшак эскертип айткан. Башка эч кимден эч кандай сөз чыккан эмес. Андыктан барактыктар алдын-ала белгиленген 20-февралда Ошто пикет башташты эле, иш сапары менен жүргөн премьер-министр аларды кабыл алууга аргасыз болду. Барактыктардын койгон талаптары жана Николай Танаевдин убадасы тууралуу пикетти өткөрүү боюнча демилгелүү топтун жетекчиси Дөөлөтбек Мусабеков буларды баяндады:

- Биринчиден, «Барак айылына өзгөчө статус берүү жагын өкмөт жана Жогорку Кеңеш карасын» деп талап койдук. Өзгөчө статус болгондо, биринчиден жер салыгын кыскартуу болот. Андан кийин пенсия-пособиелерди көбөйтүүнү, Соцфонддун чыгымдарын азайтууну талап кылып жатабыз. Андан кийинки талабыбыз - жолду ачып, транспорт каттатып берүү, бекеттердеги тинтүүлөрдү токтотуу. Бул талаптарыбызды эч чечүүгө мүмкүн болбосо жерди алмаштыруу жолу менен бизди которуу. Өзбекстандын аймагында 250 гектар талаа жери турат, ошол талаа жерине биздин жерди алмаштырып, бизди ошол жерге отурукташтырса. 250 гектар жер Кыргызстанга жармашып турат, биз ошондо өзүбүздөн өзүбүз болуп Өзбекстанга көз каранды болбой калат элек. Сунуш кылган вариантыбыздын аралыгы 2 километрге жетпейт. Эгерде ошол жерди бере турган болсо биздин ата-бабаларыбыздын коюлган көрүстөнүнө жакын. Николай Танаев 10 күн мөөнөт ичинде 2 маселени карай турган болду. Биринчи маселеси - коридорду ачып берүү жагы. «Муну өзбек тарап менен, өкмөт башчысы Өткүр Султанов менен сүйлөшөм» деди. «Коридорду ачып, транспорт каттаттырабыз» деди. «Ал болбой калса, силерди көчүрүп ипотека кредит берүүгө жардам берем» деген убада берди.

Барак анклав кыштагындагы кыйынчылык жагдайларын, Барак кыштагынын айыл башчысы Нажимүдүн Камалов да айтып өттү.

- Айылыбыз мурда жол ачык убагында майда дыйканчылык кылып, картошка, помидор, сабиз өстүрчү элек. Майда эгин экпей эле, пахта менен буудай эгип атабыз. Бирок, азыркы убакта өндүргөн нерсени эч жакка сата албастан, ар бир адамдын үйүндө турат азыркы күнгө чейин. Пахтабыз чыккан жок, буудай турат элдикинде. Андан тышкары турмуштук мүмкүнчүлүккө керектүү нерселерди базардан сатып алып кирүү жагы да өтө кыйын болуп атат. Себеби аны алып өтүүдө Өзбекстандын солдаттарын, милициясын аралап өтүш керек. Алар базардан алган продукция канча болсо, ошонун жарым баасында акча сурайт. Ошон үчүн аргасыздан пикетке чыкканыбыз, кайра-кайра арызданып жазганыбыз - эл өтө кыйналып, акыры тажаганынан ушундай талаптарды коюп жатат. Эгерде чечилбей, ушул бойдон кете турган болсо, биздин эл отура бербейт, чыдап бүттү. Аргасыздан кайрадан көтөрүлүп чыгат. Президентибизге чейин барууга даяр биздин эл, - деди Н. Камалов.

Жергиликтүү элдин ою боюнча Барак анклав кыштагына Өзбекстан 3 шарттан улам коридор жол ачып бериши мүмкүн. Биринчи шарт - Кыргызстан Өзбекстандын 40 миң калкы жашаган Сох анклавына чек ара, бажы бекеттерин орнотуп, Өзбекстандын өзү сымал катуу тартип кийирип транспорт каттатпай коюш керек. Экинчи шарт - Кыргызстан Өзбекстанга суу берүүнү кыйындатса маселе чечилет. Үчүнчү шарт - Кыргызстан Өзбекстанга жайыт берүүнү создуктурушу зарыл.

XS
SM
MD
LG