Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:24

ЖУМУШСУЗ ЖАШТАР МИЛИЦИЯГА НААРАЗЫ


Кыргызстанда «кулбазар» деген ат менен белгилүү болгон жерлерде жумуш күтүп, кара күчүн сатып жашагандардын дээрлик көбү – жаштар. Алар жумуштун жоктугунан эмес, милиция кызматкерлеринин мыйзамсыз аракеттеринен чүнчүп кеттик дешет.

Элге «кулбазар» деген ат менен белгилүү Жаш Гвардия гүлбагынын бой-бойунда тургандардын көбү айылдан келген кыргыз жаштары. Агылган машиналардан көздөрү катып, оор-жеңилин ылгабай, «жумуш бар» деген жерге кете бермей. Колдорунда бир сыйра кийими салынган баштык, көбүнүн оозунда махорка оролгон тамеки, киртийген көздөр. Күн сайын ушул. Кулак-мурун тызылдатканын суукка карабай, бутту бутка койгулап, акчасы көп берешен кожоюнду күтмөй. «Азыр жумуш жок, азайып калдык, жаздан тартып бул жерге батпай кетебиз», - деди өзүн Жеңишбек деп тааныштырган жигит.

- Жайкысын күнүгө бир жарым миң киши ушул жерден иш таап алат. Студенттер, айылдан келген жаштар болуп отуруп алардын саны 3 миңге жетет. Ар кандай адамдар келет, ар кандай жумуш сунуш кылышып. Биздин ар бир ишке мурдатан коюлган баабыз бар, - дейт ал.

«Биз салбаган там, биз урбаган сокмо калган жок Бишкекте, - деп сөзүн улады Жеңишбек. - Чоңдордун көбүнүн хансарайларын биз бүтүрдүк».

- Ачыгын айтканда, Акүйдө отургандардын баардык иштерин ушул жердеги балдар бүтүрөт. Мына Турдакун Усубалиев, Чолпон Баекова, Дооронбек Садырбаевдин үйүн салганга катышкан балдарбыз.

Бирок бул жерде тургандар «Азаттыктын» кабарчысы менен «иштин жогу эч нерсе эмес, милициянын кордугуна кокобуздан тойдук» деген ичкүптүлөрүн бөлүшүштү.

- Жогорку кызматта ээлегендер ушул жерде өз жандарын өздөрү тырмалап багып жаткан жаштарды ойлоп коюшса жакшы болмок эле, - деп сөзүн баштады өңү суукка тотуккан кезектеги маектешибиз Кыдыраалы, - Жаныбызда Ленин районунун ички иштер бөлүмү жайгашкан. Ал жерде иштеген милициялардын эрмеги эле биз болдук. Ар кандай шылтоолорду айтып, айлабызды алты кетиришет. «Бул жерде турбагыла!» деп өйдө-төмөн кубалашат, биз бул жерге турбасак акчаны бизге ким берет да, үйдө калган балдарыбызды ким багат?! Андай экен, завод-фабриктерди иштетип коюшпайбы!

Кыдыраалынын сөзүн Жеңишбек улап кетти:

- «Паспортуң барбы?» дегенден башташат да, «акчаңдан бөлүш» деген менен сөздөрүн бүтүрүшөт. А биз болсо тамактын арзанын издеп, «Ош» базарына барып, 5 сомго курсакты алдап, 5 сом менен үйгө жетип алалы деп жанталашабыз. Дал ошол тамак ичип жатканда бизди кармашат «рэкеттер», биз милицияны өзүнчө «рекэт» деп коебуз. Чөнтөк-башты текшерип, «курал жокпу, көкнар жокпу?» деп келет. Издегени –акча!

Өзүн Айтбай деп тааныштырган маектешибиз милийсалардын кордугу токтобосо бул жерде эртеби-кечпи жумушсуз жаштар менен күч органдарынын ортосунда чатак чыгып кетиши ыктымал деген ойдо:

- Чыдоонун да чеги болот. Эртеден-кечке башың менен жер казып акча тапсаң, аны келип тартып алса – буга ким чыдайт. Бир күнү болбосо бир күнү милиция менен бул жердеги жаштардын ортосунда чыр чыгып, Аксы окуясы кайталанып кетиши мүмкүн.

Жаш Гвардия гүлбагы Ленин районуна карайт. Аталган райондун ички иштер бөлүмүнүн коомдук коопсуздукту көзөмөлдөө кызматкери Талант Шабдановдун айтымында, жумушсуз жаштардын милицияга коюп жаткан дооматтары негизсиз.

- Алардын бизге койгон кинелери туура эмес. Аларды эч ким куугунтукка алып, кысымга алган жок. Жаш Гвардия гүлбагы эс алуучу жай. Ал тегеректе жашагандар эс алуу үчүн чыгышканда арак ичип, тамеки чеккендерди көрүшүп, бизге арызданышат. Бул бир жагы. Экинчиден, соңку убакта жашоо-шарттын оордогонунанбы, айтор, бирөөнүн баштыгын, баш кийимин, капчагын жула качкандар көбөйдү. Ачыгын айтканда, мындай кылмыштарды үстүндө үйү, иштеген иши барлар жасабайт. Эми шектүү катары аларды текшеребиз. Үчүнчүдөн, башка мамлекеттин өкүлдөрү – президенттер, өкмөт башчылары келгенде, алардын сапары ошол Жаш Гвардия гүлбагын кесип өтөт. Андайда бул жолдон алыс туратургула деп аларга эскертип турабыз, - дейт милиция өкүлү Талант Шабданов.

XS
SM
MD
LG