Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:08

АБАКТАГЫЛАР ОРУН ЖОКТУГУНАН КЕЗЕК МЕНЕН УКТАШУУДА


Чолпон Орозобекова, Бишкек Кыргызстан эл аралык уюмдардын серебине караганда өз жарандарын эң көп камаган өлкөлөрдүн катарына кирет. Учурда түзөтүү жайларында орун тартыш болуп, абактагылар тыгылышып араң отурушат. Айрым адистер «тез арада түрмө куруу керек» десе, коомчулукта «кеп бул системадагы акыйкаттын жоктугунда» деген да пикирлер бар.

«Penal reform International» эл аралык уюму дүйнө жүзү боюнча абакта жаткан жарандардын саны көп жыйырма өлкөнүн катарына Кыргызстанды да кошкон. Учурда Кыргызстанда 20 миңден ашык адам абакта өз жазасын өтөп жатат. Бишкектеги Адам укугу боюнча бюронун серебине таянсак, жасаган кылмышы үчүн мамлекет тарабынан камалгандардын катары жыл сайын 2500- 3500 адамга өсүүдө. Кыргызстандын түрмөлөрүндө жана колонияларында, тергөө изоляторлорунда киши толтура болуп, орун калбай барат. Кыргыз бийлиги эл аралык Кызыл чырым уюму менен бирдикте пенитенциардык системаны реформалоо маселесин караштырууда. Бирок адистердин айтымында түрмөлөрдөгү эң башкы маселе азыр орундун тардыгы. Эл аралык норманы карасак, бир кишиге жок дегенде эки жарым чарчы метр жер тиешелүү болушу керек. Бирок, азыр абактагылардын буттарын кенен чоюп кериле отурганга шарты жок. Бул туурасында Бишкек шаардык прокуратурасынын башчысы Өмүрбек Кутуев мындай дейт:

- Азыр соттолгондор орун жоктугунан кезек менен уктап атышат. Бири уктайт, экинчиси орун жок болгондон кийин туруп турат. Азыр бул системадагы эң биринчи көйгөй ушул - түрмөлөр толуп кетти, тыгылып, кысылып араң отурушат.

Бишкектин башкы прокурору белгилегендей, бул маселени чечүүдө кеп мамлекеттин капчыгынын дараметинде болуп атат. «Акча болсо эле аларды тыгылыштырбай эл аралык нормага ылайыктап кенен отургузууга шарт түзөт элек», - деп кошумчалайт Кутуев мырза.

Кыргызстандын эмгек сиңирген юристи, мурдагы чакырылыштагы Мыйзам чыгаруу жыйынынын спикери Мукар Чолпонбаев жарды мамлекет болгондон кийин Кыргызстанда мынча адамды камоонун кажети жок деп эсептейт. Анын пикиринде жаңы түрмө курмак турсун ошол 20 миң адамды багууга мамлекеттин чамасы чакталуу болуп атканда салык төлөөчүлөрдүн эсебинен күн көрүп аткан камактагы кылмышкерлердин санын кантип азайтууну ойлонуш абзел.

Кыргызстандын Акыйкатчысы Турсунбай Бакир уулу жакынкы күндөрү бардык түрмөлөрдү кыдырып, камактагылардын ал-абалы менен таанышып чыкканы турат. Турсунбай мырзанын пикиринде, азыр бул системада чечиле турган маселе көп. Алардын эң башкысы - жаңы түрмө куруу.

- Жазаны аткаруу жайларындагы орун тартыштыгын жоюш үчүн эл аралык донорлорго кайрылып түрмө курбасак болбойт, - дейт Турсунбай Бакир уулу. - Акыйкатчы катары мен бул маселеге киришем. Түрмө курганга мамлекетте акча жок. Элдин жашоосу оор болуп атса, мамлекеттин эсебинен түрмө курула турган болсо, коомчулукта терс пикир да жаралышы мүмкүн. Ал эми бир нече жылдан бери колунда бар бизнесмендерди менчик түрмө курганга көндүрүү аракетимен майнап чыккан жок. Эл арасында «түрмө курсаң, ага өзүң түшөсүң» деген кеп бар турбайбы. Бизнесмендер дал ушул эл арасында калыптанып калган түшүнүктөн чочулап түрмө курбай коюшту.

Юстиция министрлигинин алдындагы Жазаны аткаруу башкармалыгынын башчысынын орун басары Искендер Бейшеналиевдин пикиринде, акча тартыштыгынан түрмө куруу маселеси мамлекеттик деңгээлде көтөрүлбөй келет. Мыйзамда облустук борборлордо чакан түрмөлөрдү куруу жагы каралган. Бейшеналиев мырзанын көз карашында алыскы дубандардан кылмышкерлерди Бишкекке жана Ошко алып келип камаганда түрмөдө кишинин көптүгү, жумуштун жоктугу, үйүнөн алыстыгы, ар кандай оорулардын көп болушу камалган адамдын кулк-мүнөзүнө жаман таасир берүүдө.

- Эл арасында «түрмөлөр кылмыштуулуктун академиясына айланды» деген пикирлер болуп атпайбы, - дейт Искендер Бейшеналиев. - Эгер облустарда түрмө курсак, соттолгон адамга тууган-туушкандары бат-бат келип, жанында кылмышкерлер азырак болуп, ошол адам жаман жоруктарды үйрөнбөйт эле. Борбордогу түрмөлөрдө да киши азыраак болуп, биздин башкармалыкка күч келбей калмак. Бирок андай кылууга мамлекетте мүмкүнчүлүк жок болуп атпайбы.

Бишкектеги №47-түрмөнүн босогосунда баласы менен жолугушууну күтүп турган Асанбек Кадырматовду сөзгө тарттык. Уулу Алмаз соттолгонуна бир жылдан ашыптыр. Балдар менен мушташа кетип 20 жаш курагында темир тордун артында отуруп калды. Асанбек Кадырматов «түрмөдөгү орундун тартыштыгы Кыргызстандын жазалоо системасында акыйкаттын жоктугунан улам келип чыгууда» деген пикирин айтты.

- Мына, менин балам достору менен мушташып кетиптир. Болбогон бир тентектиги үчүн кете берди. Арданып калган берки бала арыз жазып коюптур, менин баламды «бул мага тийген эмес» десе болбой берки балдарга кошуп соттоп ийишти. Прокурор менден 10 миң сом сурады, ошону таап бере алган жокмун. Түрмөдө азыр бизге окшогон кедей-кембагалдар толуп кетти. Бири тоок уурдаган, бири уй уурдаган же жини менен бирөөнү чаап койгон. Акчасы барлар азыр эмне кылмыш кылса да түрмөгө түшпөйт, - дейт Асанбек Кадырматов.

XS
SM
MD
LG