Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:34

Жеке ишкерлер коомдук бирикмесинин президенти «Дело №» гезитин Кыргызстанды «Киргизстан» деп жазгандыгы үчүн сотко берди


БИШКЕК. Жеке ишкерлер коомдук бирикмесинин президенти Кубанычбек Тезекбаев «Дело №» гезитин кыргыздарды «киргиз», Кыргызстанды «Киргизстан» деп жазгандыгы үчүн, ал эми анын башкы редакторунун орун басары Светлана Красильникованы жеке ар-намысына шек келтирген макала жазгандыгы үчүн сотко берди. Кубанычбек Тезекбаевдин айтымында, Бишкектин Биринчи Май райондук соту анын буга чейинки бул гезитке каршы берген доо арызын 26-февралда караган. Судья өлкөнүн аты Башмыйзамда «Киргизстан» эмес, «Кыргызстан» деп жазылгандыгына негиздеп, гезит редакциясына эскертүү берген чечим чыгарган. «Соттун мындай чечимине карабай Светлана Красильникова гезиттин бешинчи марттагы санында мени «орусча билбейт» деп мазактап, Кыргызстанды «Киргизстан» деп жазып чыкты. Ошондуктан мен Биринчи Май райондук сотуна кайрадан кайрылып, гезит редакциясынан 1 миллион, Светлана Красильниковадан 100 миң сом өндүрүп берүүнү талап кылдым», - деп кошумчалады Кубанычбек Тезекбаев.

XS
SM
MD
LG