Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Апрель, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:59

АКШнын Иракка каршы согушуна өлкөлөрдүн реакциясы алардын согушка чейинки позициясы менен шайкеш келүүдө


Франциянын тышкы иштер министри Доменик де Вилпен "согуш Жакынкы Чыгыштагы кырдаалды ого бетер курчутат" деди жана Израиль менен палестиналыктардын чатагы боюнча тынчтык конференциясын уюштурууну сунуш этти.
Орусиянын президенти Владимир Путин согушту "ири саясий катачылык" деп мүнөздөдү. Орус парламенти Путинден Бириккен Улуттар уюумунун Генералдык ассамблеясынын чукул сессиясын чакырууга үндөдү.
Кытай АКШны бардык согуш аракеттерин токтотуп, кризисти тынчтык жол менен чечүүгө чакырды.
Германиянын канцлери Герхард Шрөдер Иракка каршы согуштук аракеттерди тез арада бүтүрүүгө чакырды. Британиянын Тышкы иштер катчысы Жэк Строу Брюсселде өткөн Евросоюздун жыйынында чыгып сүйлөп, "Ирак кампаниясы эл аралык кеңири колдоого ээ" деп ырастады жана азыр көңүлдү согуштан кийин Иракка жардам берүүгө бурууга чакырды.
Ал эми Брюсселдеги жыйын ачылаардын алдында Евросоюздун тышкы иштер комиссары Хавиер Солана АКШны Ирак согушун мүмкүн болушунча тез арада бүтүрүүгө үндөгөн эле.
"Биз согуштун азыркы фазасынын колдон келишинче кыска болушуна жетишишибиз керек. Ошондой эле согушка эч кандай тийешеси жок адамдардын азап чегишин азайтуу – эң башкы милдетибиз болушу керек,- деди Солана.
Чехиянын жаңы шайланган президенти Вацлав Клаус "Чехия - Иракта согушуп жаткан АКШ баштаган коалицияга мүчө эмес" деген билдирүү жасады.
Болгариянын президенти Георги Парванов София өкмөтүнүн АКШ баштаган коалицияга кошулушун сынга алды.
Кыргызстандын тышкы иштер министри Аскар Айтматов "Бишкектин жанындагы аскердик база Ирак согушунда пайдаланылбайт" деп билдирди.
Жапаниянын өкмөт башчысы Жуничиро Койзуми жана Түштүк Кореянын президенти Хо Му Хен экинчи күнгө аяк басып келаткан чабуулдарга колдоо билдиришти.
Исламдык конференция уюму Ирактагы согушту дароо токтотуп, Ирак өкмөтү менен чатакты дипломатиялык жол аркылуу чечүүгө чакырды.
Уюмдун баш катчысы Абдулвахед Белкезиз Иракка эл аралык курал инспекторлорун кайра жиберүүгө үндөдү. Исламдык конференция уюмуна 57 өлкө, анын ичинде Кыргызстан да мүчө.

XS
SM
MD
LG