Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:21

Караталжапырык ашуусундагы көчкү


Нарын облус губернаторунун биринчи орун басары Жыргалбек Азыловдун бүгүнкү билдирүүсүнө караганда, Соңкөлгѳ бараткан жолдогу Караталжапырык ашуусунда чоң көчкү жүрүп, натыйжада 8 автоунаа жана анын айдоочулары кар туткунда калышкан. Өзгөчө кырдаалдар жана экология министрлигинин адистерлеринин божомолу боюнча көчкүнүн көлөмү 25 миң куб метрди түзөт жана бул эң чоң көчкүлөрдүн катарына кирет. Учурда катуу үшүк алышкан 3 айдоочу ооруканага жаткырылып, күрткү алдында калышкан автоунааларды чыгаруу иштери жүрүп жатат. Мындан сырткары Соңкөл аймагында 20дан ашуун браконьерлер ашуудан түшүүнүн аракетин көрүшүүдө. Алар Соңкөлгө тыюу салганга карабай балык кармоого барышкан.

XS
SM
MD
LG