Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:10

Ооганстанда бүгүн Жаңы жыл майрамы - Нооруз белгиленди


Талибан режими учурунда тыйуу салынган бул майрамды белгилөө үчүн бүгүн Кабулда жүзмиңден ашык киши чогулушту. Ооганстандын президенти Хамид Карзай Нооруз майрамына байланыштуу элге кайрылуу жасап, Жаңы жыл жаңылануунун жылы болот деген үмүтүн билдирди. Мазар-и-Шарифте Нооруз майрамында улак тартыш ойуну өткөрүлдү. Иранда эл майрамдык киймин кийим алып, сейилге чыкты. Таза абага казан асылып, майрамдык даам татылды. Жума намазда Жаңы жылдык каалоолор менен катар согуштан жабыркаган Ирак элине аманчылык тиленди.

XS
SM
MD
LG