Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:43

Иракта согушуп жаткан АКШлык аскерлер карапайым элге зыян тийгизбөөгө аракеттенип жатышат


Ирактагы аскердик операциялардын командачысы Томми Фрэнкс Катардын баш калаасындагы штаб квартирасынан берген алгачкы прессконференцияда ушундайча баяндады. Фрэнкс аскердик операция согуштар тарыхында болуп көрбөгөндөй ыкма менен өткөрүлө турганын билдирди. "Бул компания тарыхта болуп көрбөгөндөй ыкмалар менен өткөрүлөт. Ага душманды капилеттен басуу, ийкемдүүлүк жана бутаны өтө так мээлөөчү жабдууларды пайдалануу сыяктуу нерселер мүнөздүү болот", - деди генерал.
Генерал ошондой эле согуш аскердик план боюнча жүргүзүлүп жатканын билдирди. Фрэнкс президент Саддам Хуссейндин кайда экенин билбегенин кошумчалады.

XS
SM
MD
LG