Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:30

Жогорку окуу жайларына кабыл алуу боюнча жалпы тест сынагы 17-майда болот


БИШКЕК. Бүгүн Бишкекте жогорку окуу жайларына кабыл алуу боюнча жалпы республикалык тест сынагын өткөрүүгө арналган семинар башталды. Ал Кыргызстандын Билим берүү жана маданият министрлиги, АКШнын ЮСАИД, АКСЕЛС уюмдарынын демилгеси менен өткөрүлүүдө. Семинар быйылкы окуу жылында орто мектепти бүтүрүп жаткан 85 миң бүтүрүүчүнүн ичинен татыктууларын жогорку окуу жайларына тандап алууга байланышкан талаптарды билим берүү тармагынын жер-жерлердеги өкүлдөрүнө жеткирүү максатын көздөйт. Билим берүү жана маданият министри Ишенгүл Болжурованын маалыматына караганда, бул семинар өлкөнүн түндүк регионундагы билим берүү тармагынын өкүлдөрү үчүн өткөрүлүүдө. Түштүк тараптын адистери үчүн мындай семинар 28-29-март күндөрү Ош шаарында өтөт. АКШнын АКСЕЛС уюмунун директору Тад Драммондун айтымында, тест сынагын 17-майда өткөрүү болжолдонууда.

XS
SM
MD
LG