Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:00

СЕРБИЯНЫН МУРДАГЫ ПРЕЗИДЕНТИ МИЛОШЕВИЧТИН ЖУБАЙЫ ОРУСИЯДА ЖАШЫНЫП ЖҮРӨТ


Сербиянын ички иштер министрлигинин айтымында, өлкөнүн мурдагы президенти Слободан Милошевичтин аялы Мирьяна Маркович азыр Орусияда жашынып жүрөт жана Сербиянын өкүлдөрү ага мекенине кайтып, сот алдына келүү тууралуу кагаз тапшырды. Милошевич азыр Гаага шаарында эл аралык сот тарабынан соттолууда. Өлкөнүн ички иштер министрлигинин айтымында болсо, Сербиянын мурдагы президенти Иван Стамболичтин өлтүрүлүшүнө Милошевич менен Марковичтин тийешеси бар болушу мүмкүн. Стамболич 2000-жылдын август айында дайынсыз жоголуп кеткен жана анын денеси жакында табылды.

XS
SM
MD
LG