Линктер

жекшемби, 28-май, 2017 Бишкек убактысы 22:48

Альпинисттер кар көчкү алдында калып, алардын бир набыт болду


БИШКЕК. 29-мартта «Аларча» капчыгайындагы «Бокс» деген бийиктикке чыккан кыргызстандык беш альпинисттин бирөө кар көчкүнүн астында калып каза тапты. Бул тууралуу бүгүн «Куткаруу кызматынан» кабарлашты. Андан алынган маалыматка караганда, бийиктикке беш альпинист ишемби күнү эртең менен чыгышкан. Деңиз деңгээлинен 4300 метр бийиктикте турган жерде алар кар көчкүнүн алдында калып, 1980-жылы туулган Сергей Сычев алган жаратынан улам каза тапкан. Калган эки альпинисттин буту сынып, экөө жарат алышкан эмес.

XS
SM
MD
LG