БИШКЕК. Аскар Акаевдин Финляндияга иш сапары соңуна чыгууда. Бул тууралуу бүгүн президенттин маалымат кызматы кабарлады. 3-апрелде кыргыз президенти Хельсинкиде Финляндия президенти Тарья Халонен менен жолугушуп, эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыкка, эл аралык коопсуздукка жана Ирактагы согушка байланышкан маселелерди талкуулашты. Ушул эле күнү кош салыкты жоюу жана инвестицияларды коргоо боюнча эки макулдашууга кол коюлду. Жолугушуулардын соңунда эки президент маалымат жыйынында журналисттердин суроолоруна жооп беришти. Аскар Акаев маалымат жыйынында Финляндиянын Эл аралык антитеррордук коалициянын курамында Ооганстанда бейпилдикти орнотууга кошкон салымын жогору баалады.
Финляндия менен Кыргызстандын ортосундагы дипломатиялык мамилелер 1992-жылдын 23-мартында түзүлгөн. Кыргызстанга финляндиялык расмий делегация айлана чөйрөнү коргоо жана кызматташтык министри Пекка Хаавистонун жетегинде 1997-жылдын апрелинде келген. Кыргызстан менен Финляндиянын ортосундагы сооданын өлчөмү 2001-жылкы 1,5 миллион долларды түзүп, 2002-жылы 4,7 миллион долларга жеткен.