Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Январь, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:28

Иракта америкалык журналист мерт болду


Өткөн түнү Ирактагы аскерлердин арасында кесиптик милдетин аткарып жүргөн америкалык журналист автокырсыктан көз жумду. "Вашингтон пост" гезитинин кабарчысы, 46 жаштагы Майкл Келли – Ирактагы согушта курман болгон алгачкы АКШлык журналист болуп калды. Андан башка бир австралиялык жана эки британиялык кабарчы да – Ирак согушунун курмандыктары. Кандуу урушту чагылдырып, элге маалымат жеткирүүнү көздөп, Ирактагы согушка ар башка өлкөлөрдөн 600дөй журналист аттанышкан.


Таңкы кабарлар топтомун даярдаган – Венера Сагындык кызы, Прага.

 

XS
SM
MD
LG