АКШ президенти Жорж Буш жана Британиянын премьер-министри Тони Блэр Ирактын тегерегиндеги маселелерди көзмө-көз талкуулаш үчүн келээрки аптада Түндүк Ирландияга барышат. Вашингтондун өкүлдөрү саммитте Ирак маселесинен сырткары Түндүк Ирландия менен Жакынкы Чыгышта тынчтык орнотуу боюнча аракеттер да сөз болооруна көңүл бурушат. Буш менен Блэр ушуну менен соңку 3 апта ичинде 3-ирет бетме-бет жолугушмакчы.