Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:10

Кытайда өнөгөсүз өпкө оорусуна чалдыккандардын саны азая баштады


Кытайдын түштүгүндөгү Гуандун провинциясынын бийлик өкүлдөрү дүйнө коомчулугун сарсанаага салган өнөгөсүз өпкө оорусун жуктургандардын саны азая баштаганын маалымдашты. Кабарга караганда, кооптуу дарттын эмнеден келип чыкканы азырынча аныктала элек болсо да, анын жайылышына каршы көрүлгөн чаралар натыйжа бере баштаган өңдүү. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму өнөгөсүз өпкө оорусунан ар башка өлкөлөрдө 100дөн ашуун адам каза таап, бардыгы 2700дөй киши чалдыкканын билдирген. Азиялык бир катар өлкөлөр жаңы жугуштуу оорунун кесепети алардын экономикасына терс таасирин тийгизет деп камтама болууда. Тайван өкмөтү, мисалы, коркунучтуу дартты алдын-алуу, ага каршы күрөш жүздөгөн миллион доллар талап кылаарын айтса, Сингапурдун бийлик башчылары кооптуу дарт Түштүк-Чыгыш Азиядагы туризмге чоң зыян алып келээрин эскертишти.


Кечки жаңылыктар топтомун даярдаган - Венера Сагындык кызы, Прага

XS
SM
MD
LG