Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:40

СЕКСУАЛДЫК КҮҢЧҮЛҮКТҮН КУРМАНДЫГЫ БАШ ПРОКУРОРДУ АЛЫП ТҮШӨБҮ


Черногориеде сексуалдык эксплуатацияга дуушар болгон молдован кыз мартабалуу расмий өкүлдөрдү сотко берген эле. Тергөөнүн жүрүшүндө Черногориенин Мамлекеттик прокурорунун орун басары кызматтан убактылуу четтетилип, ички иштер министри кызматтан алынды. Эми бул кылмышка тийешеси бар деп шектелген баш прокурор өз каалоосу менен отставкага кетсе, жумурияттын сот системасын түп-тамырынан кайра куруу башталат деп күтүлүүдө. Бул окуянын чоо-жайын Жаңыл Жусубжан иликтеди. Жаңыл, Европада сексуалдык күңчүлүктүн торуна түшкөн кыздар жүз миңдеп саналат, кандайча алардын арасынан дал ушул молдован кыздын тагдыры кеңири сөзгө алынып жатат?

Амирбек, туура айтасыңар. Эл аралык Миграция уюмунун эсебинде, Батыш Европага эле жарды өлкөлөрдөн жыл сайын 500 миң чакты кыз сексуалдык күңчүлүккө сатылат. Кыргызстандан жылыга аткезчилер чыгарып кеткен 4-5 миң чакты кыздын канчасы Европанын секс-клубдарында камалып жатканын биз билбейбиз. Черногориеде бүтүндөй сот системасын солкулдаткан окуяга келсек, 28 жаштагы молдован кыз былтыр кеч күздүн кычыроон күндөрүнүн биринде бутун араң сүйрөп, Черногориенин борбору Подгорицадагы Аялдардын кризистик үйүнө келет. Денесине күйүп турган тамеки басышыптыр, териси айбан тиштегендей, тыткыланган. Көрсө, сойкуканадан качып чыккан экен.

Ал жанын ала качып тим болбостон, өзүн үч жыл бою колдон колго сатып, күнүгө үстү-үстүнө клиенттерди киргизип, уруп-сабап келген кожоюндарын сотко берген. Кыз мурда да бир нече жолу качыптыр, бирок полиция аны кармап, кожоюндарына кайтарып берип турган. Былтыр ноябрда башталган тергөө ишинин жыйынтыгы үстүбүздөгү айдын башында чыгарылды. Кылмыш ишинде полиция төрт кишини, анын ичинде Мамлекеттик Прокурордун орун басары Зоран Пиперовичти камакка алды. Аларга аялдарды сексуалдык күңчүлүккө мажбурлаган деген айып коюлуп жатат. Ошондой эле ички иштер министри кызматтан четтетилди.

Аял аткезчилигинин курмандыктары адатта тартип коргоо органдарына кайрылгандан коркушат, ал эми дүйнөдө эң ылдам өсүп бараткан бул уюшкан кылмыштуулуктун артында турган өкмөт өкүлдөрү "кылтакка" илинген учурлар сейрек кездешет. Ушул себептен улам, молдован кыздын иши бүгүн кеңири резонанска ээ болууда.

Амирбек Азам уулу: Киши аткезчилери пара берип, же өкмөт чөйрөсүндөгү байланыштарын пайдаланып, "капкандан" кутулуп кетпейби? Ушул жаатта кандай сөз болуп жатат?

Жаңыл Жусубжан: Ал бар, Балкан өлкөлөрүндө көз карандысыз сот системасы али калыптанып бүтө элек. Ушундан улам, аял аткезчилигине каршы күрөшкөн Стабилдештирүү Пактысы деп аталган программанын координатору Хелга Конрад "башкы кылмышкерлердин аттары атала электе, кылмыш иши жабылып калат" деп тегин жерден тынчсызданып жатпаса керек. Анын үстүнө жабырланган кыздын өмүрүнөн кооптонушуп, өлкөдөн чыгарып кетишиптир.

Ошентсе да, бул жаңжал өкмөт башчысына чейин жетип, эл аралык укук коргоочулар жакындан көзөмөлдөп калгандыктан, иш аягына чейин иликтенип, кылмышкерлер тийиштүү жазасын алат деген үмүт бар. Батыш булактарына ылайык, жабырланган кыз сурак бергенде он чакты бийлик төбөлдөрүн "мага клиент" болгон деп көрсөткөн. Ал ошондой эле өзүнүн күңчүлүк тагдырга туш болушуна мамлекеттик прокурор Бозидар Вуксевичтин катышы бар экенин айткан. Вуксевич "киши аткезчилигине эч качан аралашкан эмесмин" деп карганып жатыптыр. Бийликтеги партиялар баш прокурордун отставкасын мурда эле талап кылышкан, бирок ал ордунан козголо элек. Өкмөттөгү Социал-демократтардын өкүлү "Вуксевичтин отставкасы Черногориеде прокуратураны реформалоого жол ачат" деп билдирди. Ал эми премьер-министр Мило Жүканович прокуратураны реформалоо "көпчүлүк ойлогондон алда канча олуттуу маселе" деди.

Амирбек Азам уулу: Кыргызстанда киши аткезчилигине соңку эки-үч жылдан бери гана көңүл бура башташты. Айрым турфирмалардын иши иликтенип жатканы менен, кыздарды чет өлкөгө алдап алып чыккандар жоопко тартылганын уга элекпиз. Ал эми Черногориеде бул көрүнүшкө каршы күрөш кандай жүрүп жатат?

Жаңыл Жусубжан: Подгорица өкмөтү 1999-жылы эл аралык Палермо декларациясына кол койгондон кийин гана буга назар сала баштаган. Ошентсе да, акыркы эки жыл ичинде бир топ иш жасалды. 54 кишиге айып тагылды, өкмөт өкүлдөрүнөн жана "Аялдардын кризистик үйү", "Аялдар Лоббиси" деп аталган эки бейөкмөт уюмдан турган атайын комитет иштеп жатат. "Аялдардын кризистик үйүнө" телефон чалганымда, анын кызматкери Мая Райтович мага бул борбор ачылгандан бери сексуалдык күңчүлүккө кабылган 53 кыз кайрылганын, көбү чет элдиктер экенин билдирди. Бүгүн сөз болгон молдован кыз дал ушул уюмга биринчи кайрылган. Райтовичтин айтымында, ал кыз менен Черногориеге 50 чакты кыз келген экен, буга караганда сексуалдык сооданын курмандыктары бир топ бар окшойт.

Амирбек Азам уулу: Ал молдован кыз (айым) киши аткезчилеринин колуна кандайча түшүп калган? Чет өлкөгө сойкуканада иштегени баратканын билбептирби?

Жаңыл Жусубжан: Бул кызды "айлыгы чоң иш таап беребиз" деп алдап алып келишкен, Черногориеде паспортун алып коюп, сойкуканага камашкан. Бечара жыргаган турмуштан бөтөн элге кетпесе керек. Дүйнөдө киши соодагерлеринин "торуна" түшкөн миллиондогон кыздардын басымдуу көпчүлүгү - дал ушундайча алданган жакыр өлкөлөрдүн жарандары.

Амирбек Азам уулу: Черногориедеги киши аткезчилиги пайда кылган саясий жаңжал менен Жаңыл Жусубжан тааныштырды.

XS
SM
MD
LG