В.Коштуницанын айтымында, добуш берүү гана ал жетектеген Демократиялык партиянын дарегине айтылып жаткан айыптоолорду төгүндөөнүн эң ыңгайлуу жолу. В.Коштуницанын Демократиялык партиясы премьер-министр Зоран Жинжичтин өлтүрүлүшүнө катышы бар топтор менен байланышта турган деп шектелүүдө. Партия жекшемби күнү тараткан билдирүүсүндө серб бийликтерин премьер-министр Зоран Жинжичтин киши колдуу болушуна байланышкан тергөө иштерин бир тараптуу жүргүзүп жатканы үчүн айыптады. Массалык камоолор учурунда мурдагы президент Коштуница менен кызматташ болгон адамдардын экөөсү - аскердик чалгын кызматынын мурдагы башчысы жана президенттин коопсуздук маселелери боюнча мурдагы жардамчысы да камалган.
Югославиянын мурдагы президенти Воислав Коштуница Сербия бийликтерин мөөнөтсүз парламенттик шайлоо өткөрүүгө чакырды