Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:12

Румыния Евробиримдикке өтөм десе, коррупционерлерди тыйыш керек


Румыния 2007-жылы Евробиримдикке кошулам десе, эң алды коррупцияны ооздукташы абзел.
Ал үчүн өлкөдө оболу паракорлукту тыйуу боюнча мыйзам кабыл алынышы керек. Бул сунуш Дүйнөлүк банк, Еврокомиссия жана АКШлык ырасмий адамдардын катышуусу менен Бухарестте өтүп жаткан коррупцияга каршы күрөшүүгө арналган эки күндүк конференцияда айтылды.
Дүйнөлүк банктын Румыния боюнча менежери Зияд Алахаддын сөзүнчө, коррупцияга каршы күрөшүү карапайым румындар үчүн эле эмес, өлкөнүн ЕБга өтүүсү үчүн да өтө орчундуу.
Коорупцияга каршы күрөшүүчү “Transparency International” уюму ЕБга талапкер 12 өлкөнүн ичинен Румынияны коррупцияга эң көп баткан өлкө деп баалаган.


Кечки жаңылыктар топтомун даярдаган - Амирбек Азам уулу, Прага

XS
SM
MD
LG