Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:28

ӨЗБЕКСТАНДЫК СОЙКУЛАР ЭМНЕ ҮЧҮН КЫРГЫЗСТАНГА КӨП КЕЛИШЕТ?


Жаркын Темирбаева, Прага шаары Жугуштуу оорулардын Борбор Азияда жайылып баратканы,аймактагы өлкөлөрдө кыз-келиндердин денесин сатып, акча табуусу кадыресе көрүнүшкө айланып калганы коомчулукту өзгөчө санааркатып келет. Кыргызстандын да сойкулар үчүн ыңгайлуу аймакка айлангандыгын, акчага денесин сатууга мажбур болгондордун 20 пайызын коңшу Өзбекстандан келген кыз-келиндер түзөөрүн “Согушту жана тынчтыкты чагылдыруу институтунун” жергиликтүү кабарчысы белгилейт.

Сойкулук 10-15 жылдай илгери эле ыйманын жоготкон азганактай келин-кыздарга таандык жосунсуз көрүнүш катары бааланып келсе, акыркы жылдары көптөгөн аялдар үчүн акча табуунун кадыресе ыкмасына айланды. Кыргызстандык журналист Улугбек Бабакуловдун “Согушту жана тынчтыкты чагылдыруу институтунун” (IWPR) интернеттик басылмасына жарыялаган макаласында бул маселе өзгөчө тилге алынат. Жергиликтүү адистердин айтымында, Борбор Азия чөлкөмүндө сойку аялдардын көбөйүп кетишине жумушсуздук, экономикалык оор кырдаал, кендирди кескен жакырчылыктын күчөп кетиши себеп. Өзбекстандык кыз-келиндер үчүн сойкулук менен өзүнүн мекенинде иштегенден көрө Кыргызстанда иштеген оңтойлуураактай көрүнөт. Эки өлкөнүн ортосундагы чек ара аркылуу кудайдын куттуу күнү өзбекстандык кыз-келиндери Кыргызстанга кирип турушат. Алардын кийген кийиминен эч ким өз денесин сатканы баратат ко деп ойлобойт. Бетин чүмбөттөп жаап алган же узун көйнөк, жоолук салынган аялдарды сопу, бир мусулман айым экен деп ойлойсуң.

Укук коргоочу Азимжан Аскаровдун айтышынча, Өзбекстандан Кыргызстанга бараткан аялдарды көрсөң динге берилген, ала-жипти аттабаган айым болсо керек дейсиң. Бирок алардын айрымдары Кыргызстанга келээри менен жамбашына жабышкан кыска көйнөк кийген, чачтары кыркылган, бетине эндик-упа чаптаган модакеч кыз-келиндер болуп чыга келишет.

Жалалабад облусунун милиция кызматкери Абдылда Эрдөөлөтовдун оюна караганда, аймактагы сойкулардын 20 пайызын Өзбекстандан келгендер түзөт. Жалалабаддын милиция кызматкерлеринин айтымында, өзбекстандык келгин кыздар шаардагы сауналарда жана мейманканаларда иштешет.

Кыргызстандык ишкер Бахадыр Абдуллаев IWPR үчүн курган маегинде мындай дейт: “Өзбекстанга соода-сатык менен тез-тез каттап турам. Бул өлкөдө турмуш абалы өтө оор. Кантип акча таап, эмне менен жашап күн өткөрүүнү билбей башын катырган жарандарды көп жолуктурууга болот. Ошондуктан Өзбекстандын кыздары башка жактарга уурданып болсо да денесин сатып акча табууга аргасыз болушат. Кыргызстанга көбүрөөк каттагандыктын дагы бир жагы бар. Кыргыз сому өзбек сумуна караганда стабилдүүрөөк. Өзбекстандык кыздардын айтымында, жумурияттын эң ири облусу Анжиянда денесин саткан аялдар бир түндө 1,5—2 миң сумга чейин табышат. Ал 1,5 долларга барабар акча. Ал эми Кыргызстанда бир түндө 1,5 миң сом тапса болот. Ал - 30 доллар акча».

Сойкулукту кесип кылып алган айымдар болсо: “Ар кандай жугуштуу оорулардын көбөйүшүнө жана аялдардын денесин саткан коркунучка кириптер болгону үчүн жалгыз аялдарды айыптоо жаңылыштык. Айтсак, батыштын айрым өлкөлөрүндө сойку аялдын кызматын пайдаланган эркек биринчи жазаланат. Ал эми Борбордук Азияда жамандыктын баарын аялдан издөө илгерки замандын бир калдыгындай сакталып келет”, - деген пикирде.

“Өзбекстандык аялдарды сойкулук менен акча табуу үчүн Кыргызстанга келүүгө түрткөн жагдайлар акчада эле эмес”, - дейт өзүн Назира деп атаган 23 жаштагы айым. Ал Өзбекстандын Ханабад шаарынын тургуну жана ал бир нече жылдан бери денесин сатып тиричилик кылат. Анын “Согушту жана тынчтыкты чагылдыруу институтунун” кабарчысына айтканына караганда, аларга баруучу кардарлар көбүн эсе чоң кызматтарда иштеген пулдуу адамдар. Назиранын айтымында, денесин акчага саткан сойкулар Өзбекстанда кардарды ачык издей албайт. Ал эми Кыргызстанда болсо бийликтин, элдин сойкуларга болгон мамилеси бир кыйла дурустай сезилет. «Анткени Өзбекстандын калкы динге өзгөчө берилген эл болот эмеспи», - дейт Назира.

Сойкулардын ортомчусу Манзуранын айтышынча, жергиликтүү милиция кызматкерлери келгин кыздарды паспорттук каттооңор жок деп куугунтукка алган учурлар көп болот. Ошондон улам денесин саткан келгин аялдар догдурга кайрылуудан да чочулашат.

Жыныстык оорулардын Кыргызстанда тездик менен өсүшүнө сырттан келген сойкулардын да таасири бар дешет жергиликтүү байкоочулар. Ага жугуштуу оорулар менен ооруган аялдардын медициналык кароодон тез-тез өтүп турбаганы жана дарыланбаганы да себеп. Медициналык кызматкерлердин билдиришинде, жугуштуу оорулардан сактануу боюнча үгүт иштеринин кескин солгундап кеткенине, жаш муундардын бул оорулардан кабарсыздыгына, бул ооруну учурунда мойнуна алып, дароо дарыгерлерге кайрылуудан жалтайлоого кошул ташыл башка каржылык жагдайлар да бар. Маселен, медициналык кароонун улам кымбаттаган акысы жана дары-дармектин кымбаттыгы сыяктуу себептерден улам ооруган адам жеткиликтүү дарылана албайт.

СПИДге каршы күрөшүү борборунун маалыматына караганда, Кыргызстанда жыныстык мамиле аркылуу жуккан оорулар дээрлик кеңири жайылган. Жалалабад облусу жыныстык оорулардын жайылышы боюнча Кыргызстанда алдыңкы орундардын бирин ээлейт. Облустун кабарчысы Жалил Сапаров журналист Бабакулов менен бул жаатта курган маегинде өзүнүн тынчсыздануусу менен бөлүшөт. Анын айтымында, жаз келгенде өзбекстандык «көпөлөк кыздар» Жалалабадды каптап кирет. Кыргызстандыктардын сойкуларга болгон сабырдуу мамилеси жана мыйзамда жеңил гана жаза каралганынан улам аймак “Фергана өрөөнү боюнча сойку аялдардын борборуна айланып жаткандай», - дейт ал. Журналисттин көз карашында, абал мындан ары улана берсе, анда Кыргызстан элинин адеп-ахлагына, өлкөнүн жалпы аброюна кедерги тийбей койбойт.

Маселенин дагы бир өңүтү – сойкуларды сындап, айыптап тим болбостон, жаныбыздагы замандаш кыз-келиндердин бир бөлүгүнүн ушундай азаптуу жолго түшүп жатышынын чыныгы социалдык, экономикалык жана саясий себептерин терең талдап, мындай көр турмуштун алдын алуу чаралары менен да байланыштуу. Азырынча бул комплекстүү маселеге Борбор Азия өкмөттөрүнүн шаасы жетпей келет.

XS
SM
MD
LG