Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:20

Бүгүн Баткен облусундагы Көкташ айылынын тургундары облустун жетекчилигине кайрылуу жолдошту


БАТКЕН. Аталган айылдын 30 чакты тургуну кол койгон бул кайрылууда Баткен районунда Көкташ айылынын Миңбулак участкасы Тажикстандын Исфара районундагы Сурф айылы менен чектеш жайгашкандыгы айтылат. Мындан тышкары, кыргыз–тажик чек арасындагы такталбаган жерлердин айынан акыркы учурда кошуна эки элдин ортосунда пикир келишпестиктер болуп жатканы сөз болот. Натыйжада эки элдин ортосунда чыр-чатак чыгып кетүү коркунучу пайда болгонун белгилешкен кайрылуу ээлери, облустун жетекчилигинен тез арада бул жердин кимге тиешелүү экенин тактап, маселени чечип берүүнү өтүнүшкөн. Буга байланыштуу ушул эле күнү облустук акимчиликтин коргонуу жана коопсуздук бөлүмүнүн башчысы Шадыбеков Бакыбек баштаган топ бул маселе менен жеринде таанышып, чоо-жайын иликтегени жөнөп кетти.

XS
SM
MD
LG