Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:58

Кыргызстандагы адам укугун коргоо комитетинде пикир келишпестиктер пайда болууда


БИШКЕК. Кыргызстандагы адам укугун коргоо комитетинин Нарын облусу боюнча бөлүмүнүн башчысы Качкын Булатов, комитет мүчөлөрү Рыскелди Момбеков жана Болот Тыналиев комитетке чет өлкөлүк донорлор тарабынан бөлүнгөн акчалай жана материалдык каражаттын кандай сарпталып жатканын иликтөөнү талап кылган арызды комитеттин башкармалыгына жолдоду. Комитет башкармалыгынын мүчөсү Сурмагүл Масакеева менен Замира Сыдыкованын маалыматына караганда, бул маселени башкармалык комитет төрагасы Рамазан Дырылдаевдин катышуусу менен талкуулаганы туура болот. Бирок Р.Дырылдаев азыр Австрияда жүрөт. Комитеттин жогорудагы үч мүчөсү өз арызында «Р.Дырылдаев финансылык тартип бузууларга барды, комитеттин мүчөлөрү үчүн техника, компьютер бөлбөйт жана билимди өркүндөтүүгө мүмкүнчүлүк берилбейт» деп жазышкан. Сурмагүл Масакееванын айтымында, башкармалыктын 11 мүчөсү бар жана алардын баарына көтөрүлгөн маселе боюнча маалымат берилди. Башкармалык жакынкы күндөрү жыйын өткөрүп, комитеттин үч мүчөсү көтөргөн маселени кароону белгилеп жатат.

XS
SM
MD
LG