Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:40

Азербайжан президенти саламаттыгына байланыштуу эл алдындагы сөзүн эки жолу токтотууга мажбур болду


Гейдар Алиевдин дүйшөмбү күнү Бакудагы аскердик окуу жайдын мааракесинде сүйлөгөн сөзүн мамлекеттик телекөрсөтүү түз чагылдырып жаткан. Президент Г.Алиев капыстан эле көкүрөгүн мыкчып,токтоп калганда - телеканал да өз репортажын кыскартып,президентти жардамчылары сыртка чыгарып кетишкен. Өңү–башы кубарган президент 15 минуттан кийин трибунага кайтып келип ,сөзүн улантты. Бирок ,бир нече минуттан соң президентке кайрадан жардам көргөзүүгө туура келди. Саясаттын ардагери Гейдар Алиев келерки айда 80гечыгат. Мындан төрт жыл мурун ал АКШда жүрөгүнө операция жасаткан.

XS
SM
MD
LG