Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:27

Жазздын жылдызы Нина Симон көз жумду


Жазз жана блюз стилиндеги ырларды кайталангыс, жалгыз өзүнө таандык ыкмада аткарып, атагы дүйнөгө тараган ырчы Нина Симон 21-апрелде 70 жаш курагында дүйнөдөн кайтты. Еунайс Веймон аттуу кыз 1933-жылы АКШнын Түндүк Каролина штатында негрлердин кедей үй-бүлөсүндө төрөлгөн. 1950-жылдардын башында эл алдына ал дароо Нина Симон деп атын өзгөртүп чыгып ырдай баштаган. 70-жылдары жазз стилиндеги таланттуу ырчы Американы таштап, Швейцария, Голландия, андан кийин Францияга барып, ошол боюнча өмүрүнүн акыркы күндөрүн Франциянын түштүгүндөгү үйүндө өткөрдү. Симон айымдын аткаруусундагы "Мен жөнүндө наристем гана кам көрөт", "Сүйгөндөр үчүн музыка" аттуу жана башка ырлар жазздын дүйнөлүк классикасына кирип калды.


Таңкы жаңылыктар түрмөгүн даярдаган - Венера Сагындык кызы, Прага

XS
SM
MD
LG