Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:29

Нарын облусуна АКШнын Монтана штатынан делегация келди


НАРЫН. Бүгүн Нарын облусуна АКШнын Монтана штатынан делегация келди. «Азаттыктан» мурда кабарланып жүргөндөй, АКШнын Монтана штаты менен Нарын облусунун ортосунда экономикалык, социалдык, маданий жана башка багыттар боюнча байланыштар акыркы 3 жылдан бери уланууда. Курамы 5 адамдан турган америкалык делегация облус губернатору Аскар Салымбековдун кабыл алуусунда болуп, мындан аркы байланыштар тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Учурда Монтана штатында нарындык 2 студент билим алышууда. Ал эми Монтана университетинин ректоруна Нарын мамлекеттик университетинин ардактуу профессору деген наам ыйгарылган.

XS
SM
MD
LG