Бул аптада кыргыз өкмөтү мурдагыдай эле табигый кырсыктардан жапа чеккендердин көйгөйлүү маселелери менен алек болду. Тышкы иштер министрлиги бул боюнча жардам сурап эл аралык коомчулукка кайрылса, премьер-министр Николай Танаев жакында болгон Өзгөн кырсыгынан жабыр тарткандарга августтун аягына чейин бекер үй салып берүүгө өкмөттүн атынан убада берди:
- Август айынын аягына чейин, өлкөнүн мамлекеттүүлүк күнүнө карата үйсүз калгандардын баары үйлүү болушат.
АКШнын өкмөтү Кыргызстандагы жаратылыш кырсыктарынан жапа чеккендерге жардам иретинде 50 миң доллар каражат бөлдү. Ал эми баш-аягы бул үчүн 50 миллион доллар өлчөмүндө каражат керек болуп турат. Баарынан өкүнүчтүүсү – өлкөнүн ар кайсы жеринде жаратылыш кырсыктары дале болсо уланууда. Айрыкча түштүк тарапта улам бир жерде жер көчкү, сел, кыян жүргөнү тууралуу маалымат келип түшпөгөн күн сейрек болуп атат. Ушуга караганда, табият кырсыктары Кыргызстанда дагы көпкө уланчудай.
Өткөн жумада кыргыз өкмөтү биринчи кварталдын жыйынтыгын чыгарды. Анын маалыматы боюнча, жылдын алгачкы үч айында ички дүң продукт 5,2% өстү. Буга «Кумтөр» алтын кенин иштетүүнү кошпогондо, жалпы өсүш 6,3% болду. Ал эми өнөр жайынын өсүшү, «Кумтөр» алтын кенин кошпогондо, 14,9%, кошкондо 7,5% түздү. Айыл чарбасындагы өсүш болсо 2,2% болду. Инфляциянын көлөмү 2% түзүп, тамак-аштын баасы 3,7% кымбаттады. Жакында Эл аралык Валюта Фондунун Кыргызстанга келген миссиясынын жетекчиси Таапио Саавалайнендин билдиргенине караганда, Кыргызстан Фонддун алдында буга чейин алган милдеттенмесин жакшы аткарып, конкуренцияга чыдай ала турган абалга жетти. Бирок, кыргыз өкмөтүнүн буудай импортуна төлөмдөрдү көбөйтүшүнө, сырттан кирген тамекиге салынган акциздик салыкты көтөрүшүнө жана туризм тармагын лицензиялоо тартибин киргизүү аракетине Эл аралык Валюта Фонду анча ыраазы эмес. Антсе да өлкөгө тыштан дале болсо экономикалык жардам көрсөтүлүп жатат. Жакында эле Ислам Өнүктүрүү Банкы Суусамыр-Талас-Тараз жолун реконструкциялаш үчүн 10 млн. 600 миң доллар өлчөмүндө кредит бөлмөк болду. Жолду реконструкциялоо 2004-жылы башталып, бөлүнгөн каражатка анын 54 чакырымы оңдолот.
Дегинкиси өлкөнүн экономикалык жана саясий өнүгүшүнө кызыгуу артып, расмий Бишкекти өз огуна тарткысы келген сырткы күчтөрдүн тымызын күрөшү тынымсыз уланып, ал тургай күчөп келаткан өңдүү. Кыргызстандын Кант аба майданына Орусиянын аскер-аба күчтөрү июль айында жайгаштырыла баштайт. Бирок Кант аба майданын биргелешип пайдалануу боюнча кыргыз-орус келишимине кол коюла элек. Ал эми «Манас» аба майданында жайгашкан, АКШ баш болгон Эл аралык антитеррордук коалициянын «Ганси» аскердик базасы менен Кыргызстандын Коргоо министрлигинин ортосунда жаңы келишимге кол коюлду. Ага ылайык коалиция тарап Чүй боорунан 300 гектар жерди ижарага алмак болду.
Ушундан уламбы, айтор Батыш мамлекеттери Кыргызстандагы саясий процесстерге улам көбүрөөк көңүл буруп атканы байкалат. 3-майда Бишкекке бир катар Европа мамлекеттеринин Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмундагы элчилери келишти. Алар ушул эле күнү өлкөнүн жооптуу адамдары менен кезигишти. Президент А. Акаев баш болгон жетекчилер бул жолугушууга кыйла жогору маани беришти.
- Бул сапарды Борбордук Азия регионунун, анын ичинде Кыргызстандын коопсуздугуна жана туруктуу өнүгүүсүнө Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун көңүл бургандыгы катары карайбыз, - деди Аскар Акаев.
Франциянын, Болгариянын, Ирландиянын, Швециянын жана Норвегиянын ЕККУдагы элчилери Бишкекте ошондой эле бейөкмөт уюмдардын, массалык маалымат каражаттарынын жана саясий партиялардын өкүлдөрү менен да жолугушту. Маалымат каражаттарынын өкүлдөрү менен «Пинара» мейманканасында болгон жолугушууда өлкөдөгү эркин массалык маалымат каражаттарына жасалып жаткан кысым жөнүндө сөз болду. Элчилер Ош жана Жалалабад облустарында болуп, чек ара маселелерине, улут аралык мамилелердин азыркы абалына өзгөчө кызыгышты. Ушундан улам ЕККУ сыңары уюмдар түштүктөгү саясий кырдаалга айрыкча маани берип жатканын баамдаса болот.
Чынында да соңку жылдары ал жактагы элдин абалын, адам укуктарынын сакталышын ойдогудай деп айтыш кыйын. Былтыркы Аксы окуясы, Үсөн Сыдыковдун тарапкерлеринин нааразылык акциялары жана башка фактылар мындай тыянакка жетиштүү негиз берет. Табигый кырсыктар кошул-ташыл болуп турган азыркы жазгы үзүмчүлүк маалында мамлекет түштүк тарапта кылдат саясат жүргүзбөсө саясий кырдаал кайрадан курчуп кетиши ыктымал экенин айрым талдоочулардын эскерткени бар. Эми Аксы окуясында жабырлангандардын апелляциялык арыздарын кароо 14-майда Майлысуу шаардык сотунун имаратында башталат. 11-майда болсо №33-Каракулжа шайлоо округу боюнча Мыйзам чыгаруу жыйынына депутаттыкка шайлоонун экинчи туру өткөрүлөт. Учурдагы саясий туруктуулуктун айрым өңүттөрү көп жагынан ушул сыяктуу маселелердин чечилишине жараша болчудай.