Мындай жарыя бүгүн урандылардын алдынан эки жаш баланын сөөгү табылгандан кийин жасалды. Бингөл провинциясынын губернатору Хусейн Көстүн билдиргенине караганда, куткаруу иштери жума күндөн бери урандылардын алдынан аман калган бир да адам табылбаганына байланыштуу токтотулду. Жер титирөөдөн 167 адам курман болду, алардын 80ден ашууну - Бингөл провинциясындагы жатак мектептин окуучулары. Мектептин 198 окуучусу жер титирөөдөн улам талкаланган жатакананын урандыларынын алдында калган. Куткаруучулар алардын 114үнүн өмүрүн сактап калды. Күчү Рихтер шкаласы боюнча 6,4% баллды түзгөн жер титирөө Түркиянын Бингөл провинциясында бейшембинин таңында болгон.