Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:21

Ошто Борбор Азиялык Кызматташтык Уюмунун бизнес-форуму болот


БИШКЕК. Эртең Кыргызстандын түштүк борбору Ош шаарында Борбор Азиялык Кызматташтык Уюмуна кирген мамлекеттердин экинчи бизнес-форуму болот. Ага катышканы бүгүн кечинде премьер-министр Николай Танаев Ошко учуп кетти. Өкмөттүн басма сөз кызматынан алынган маалыматка караганда, өкмөт башчысы форумдун ачылышына чейин түштүк аймактагы табигый кырсык болгон жерлерди кыдырып, алардын кесепеттерин жоюу иштери менен таанышат. Ал эми бизнес-форум президент Аскар Акаев, Жогорку Кеңеш палаталарынын төрагалары, өкмөттүн мүчөлөрүнүн катышуусу менен болуп, президент Борбор Азия мамлекеттеринин өз ара кызматташтыгын арттырууга өбөлгө берчү жагдайлар тууралуу сөз сүйлөйт. Форумга Борбордук Азиядагы мамлекеттердин вице-премьер-министрлери баштаган делегацияларынан, Орусиянын өкүлдөрүнөн тышкары, Улуу Британиянын мамлекеттик катчысы - эл аралык байланыш министри Клэр Шорт, АКШнын финансы министринин орун басары Жон Тейлор, Дүйнөлүк Банктын регионалдык директору Денис де Трей, Европа Банкынын стратегия жана анализ боюнча директору Мартин Райзер, Азия Банкынын директору Андриян Рутенбергер, Эл аралык Валюта Фондунун миссия жетекчиси Эрик де Вриер катышат.

XS
SM
MD
LG