АСЕАНдын баш катчысынын орун басары билдиргендей, Түштүк-Чыгыш Азия өлкөлөрүндө вирустук пневмониянын эпидемиясы басаңдай баштады. Бирок Кытайдын жетекчилиги эпидемия элет жерин каптаса, ооруну көзөмөлдөй албасынан чочулап жатат. Кытайдын Мамлекеттик Кеңешинин төрагасы Вэң Цзябао айылдык медициналык мекемелерде өнөгөсүз ооруга каршы чара көрө ала турган жабдуулар да, дарыгерлер да жок экенин айтат. Ал эми Дүйнөлүк Саламаттык Сактоо уюму Кытайдагы абалдан эпидемиянын бүткүл дүйнөгө жайылышынын масштабдары көз каранды боло турганын билдирет.