Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:21

ПАРЛАМЕНТ ДЕПУТАТТАРЫ № 33-КАРАКУЛЖА ШАЙЛОО ОКРУГУНУН ШАЙЛООЧУЛАРЫ МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ


Кожогелди Култегин, Ош 8-май күнү оппозициялык маанайдагы депутаттар тобу Өзгөн районунун Мырзаке кыштагында № 33-Каракулжа шайлоо округунун шайлоочулары менен жолугушту.

Бул жердеги жолугушууга 300дөн ашык адам катышты. Адегенде депутаттар шайлоочуларды алар колдогон Үсөн Сыдыковдун кайрылуу каты менен тааныштырышты. Үсөн Сыдыковдун мыйзамды урматтаганына, каржалган элди кайра дүргүтүүдөн баш тартканына жогору баа берилди. Андан кийин депутат Азимбек Бекназаров өз сөзүндө азыркы мамлекеттик бийликке канааттанбагандарды өз ара ынтымакка чакырды.

- Бизге тилектештик жана ынтымак жетишпей жатат, - деди Бекназаров. - Эгер Кыргызстан боюнча тилектештик менен ынтымак болсо, менин оюмча азыркы бийликти ордуна коюп коюш оңой эле. Ошондо чыныгы демократиялык, чыныгы элдик бийлик келет. Эгерде ошол нерсеге жетише албасак, ар кимибиз ар бир райондо демократияны кура берсек, анда эч нерсеге күчүбүз жетпейт. Аксылыктар деле азыр сиздердей абалда болуп калды. Мына, 6 баласын окко учуруп алып, алегиче соттун жыйынтыгы чыга элек. Кечээ күнү акыркы жолу чакырык келиптир. Облустук сот карайбыз деп аткан экен, «дагы Майлысууда карайбыз, ушул жакка келгиле» деп атыптыр. Эл «барбайбыз Майлысууга» деп атышат. «Пикетке, митинг жүргүзгөнгө уруксат бербей койду» деген облпрокурор менен облустук УВДнын башчылары гана соттолгон. Ал эми мылтык аткандар, буйрук бергендер соттолгон эмес. 11-майда боло турган шайлоого мен ийгилик каалайм. Эл адилет, туура чечимди өзү тандап алат деп ишенем.

Депутат Дүйшөнкул Чотонов элге кайрылып мындай деди:

- Шайлоону өткөрбөй коюштун бир жолу бар. Эгер келбей койсоңор дагы, 20 адам келсе дагы шайлоо өтө берет. Экинчи тур да ошондой. Бир эле жолу бар мыйзам боюнча. Шайлоо участоктору 60 болсо, ошонун үчтөн бир участогунда шайлоо өтпөсө, ошондо шайлоо максатына жетпейт. Бул боюнча да мен аксакалдар менен акылдашып көрдүм, эгер барып ал жерди тосуп отуруп алсаңар, берки талапкерлердин, органдардын адамдары келиши мүмкүн. Ушунча жылдан бери элди шордотуп аткан, силердин добушуңарды уурдап аткан кимдер? Өзүбүздүн эле туугандар, арабызда жүргөн. Ошолор келиши мүмкүн. «Тынч жерден чатак чыгып кетпесин» деген маселе болууда. Бирок, Азимбек Бекназаровдун сөзүнө түшүндүңөр, чоң күрөш алдыда. Тагдыр чечээр мезгилге аз калды, бир-эки жылдан кийин болот. Ошого чейин жеңилсе жеңилели, багынбайлы туугандар.

Ал эми депутат Бектур Асанов болсо күрөш алдыдагы депутаттык шайлоо менен эле чектелип калбастыгын мындайча түшүндүрдү:

- Биз сабыр кылышыбыз керек, күрөш бир-эки жылда же бир эле шайлоодо бүтпөйт. Күрөш өмүр бою болчу нерсе экен. Ошондуктан сиздер бекем турсаңыздар, буюрса эртедир-кечтир, жакынкы бир-эки жылдын ичинде дурус бийлик келип калат деп биз ишенип турабыз. Биз алты жылдык тополоңдон бери көп нерсеге жетиштик, түшүнгөн кишиге. Бир жүздүү бололу, акырына чейин бир позицияда туралы. Элдин ичинде ойноп кеткендер бар дейт. Биздин ичибизде да бар, анча-мынча.

Депутаттар Каракулжа кыштагына кеткенден кийин да Мырзакеде жыйын уланып, көпчүлүк азыркы шартта Жолборс Осмоновдун талапкерлигин колдой тургандыгын билдиришти. Талапкер Жолборс Осмонов өз кезегинде Үсөн Сыдыковдун соңку позициясына ыраазылык жолдоду.

- «Азаттыктан» сиздер шайлаган, сиздер урматтаган Үсөн Сыдыкович интервью бериптир, - деди ал. - Ошол жерде айтыптыр, «рахмат Каракулжа, Мырзаке элине. 18 миң эл мени колдоп, бардыгы мени шайлады. Эми экинчи шайлоо тынч өтсүн» деп. Ошол кишиге өзүмдүн атымдан ыраазычылык билдирип коёюн, түз көз карашына.

Жыйын соңунда биз Мырзаке айыл өкмөтүнүн башчысы Ыдырыс Дыйканбаевге: «11-майдагы шайлоо кандай өтөт?» деген суроо менен кайрылдык.

- Тынч өтөт. Кудай кааласа элдин ой-пикири да жакшы. Чыр-чатак болбой, мыйзам чегинде өтөт, - деп жооп берди айыл өкмөт башчысы.

8-май күнү ушундай эле жыйын Каракулжа районунун борборунда да өттү.

XS
SM
MD
LG