Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:32

Орусияда САРС эпидемиясы боюнча өкмөт чукул жыйын өткөрөт


Премьер-министр Михаил Касьянов төрагалык кылган жыйында дабасы табыла элек САРС дартынын жайылышын алдын алуунун чаралары такталат. Орусияда өнөгөсүз өпкө оорусуна чалдыккан 20 киши катталды, бирок бир да курмандык каттала элек.
Бүгүн ошондой эле Орусия Кытайга жүргүнчү ташыган бардык аба каттамдарын токтотот деп күтүлүүдө.
Дүйнөнүн калган бөлүгүндө САРСтын курмандыктарынын саны бүгүн 500дөн ашты. Курмандыктар айрыкча көп болгон Кытайда өкмөт "САРСтын айланасындагы кырдаал оор бойдон кала берип жатат" деп эскертти.

XS
SM
MD
LG