Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:36

АКШнын президенти Жордж Буш Ирандын өзөктүк программасына тынчсыздануусун билдирди


"АКШ бул жан алгыч куралдын таркатылышына каршы эл аралык коомчулук менен бирге чара көрөт", - деп билдирди президент. Июн айында Эл Аралык Атомдук Энергетика агенттиги Ирандын өзөктүк программасы боюнча атайын талкууларды өткөрмөкчү. Иран анын өзөктүк программасы тынчтык максаттарды гана көздөй турганын кайталап келет. Нью Йорк Таймс гезити расмий Вашингтон агенттикти кысмакка алып, Ирандын өзөктүк программасы эл аралык келишимдерге кайчы келип жатканын билдирүүсүн талап кылып жатканын жазып чыкты. Мындан мурда АКШнын мамдепартаментинин өкүлү Ричард Баучер Иран плутоний менен уран заттарына негизделген куралдарды чыгарып жатат, деген божомолун билдирген.

XS
SM
MD
LG