Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Март, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:56

Жергиликтүү кеңештерге шайлоо келерки жылы болушу мүмкүн


БИШКЕК. Айылдык, кыштактык жана шаардык кеңештерге шайлоо быйыл октябрь айында эмес, эмдиги жылдын февраль айында облустук, райондук кеңештерге шайлоо менен чогуу өткөрүлүшү мүмкүн. Мындай маалымат бүгүн Борбордук шайлоо комиссиясынан (БШК) алынды. Ал маалыматка караганда, президент А. Акаевге мындай сунуш менен БШКнын төрагасы Сулайман Иманбаев кайрылды жана буга шайлоого кетчү каражатты үнөмдөө муктаждыгы түрткү болду. Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу жана регионалдык өнүгүү министри Төлөбек Өмүралиев да бул сунушту туура көрүүдө. «Шайлоону эки башка өткөргөндө бери болгондо дагы 20 миллион сом керек болуп калат экен. Ошон үчүн шайлоону кичине нарылатып туруп, февралда райондук жана облустук кеңештерге шайлоо менен чогуу өткөрүү тууралуу сунуш түшүп атат. Бул убакытты да, эмгекти да, акчаны да үнөмдөөгө жол берет», - дейт Төлөбек Өмүралиев.

XS
SM
MD
LG