Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:02

Батыш өлкөлөрү жана Сауд Арабия антитеррордук аракеттерин күчөтүүдө


Британия террордук чабуул жасалышы мүмкүн болгон өлкөлөрдүн тизмесине чыгыш африкалык дагы алты өлкөнү кошту. Кечээ британ өкмөтү террордук аракеттерден чочулап, Кения менен аба байланыштарын токтотконун жарыялаган. Өз жарандарына бул өлкөгө баруудан кармана туруу керектигин Лондондон башка Вашингтон, Берлин эскертишти. Ал эми Сауд Арабиянын ханзаадасы Абдулланын тышкы саясат боюнча кеңешчиси Адел Ал-Жубейр сауди өкмөтү "Ал-Каида" өңдөнгөн террорчул уюмдарга каршы күрөшүн күчөтөөрүнө бекем ишендирди. "Дүйшөмбү күнкү кайгылуу окуялар Сауд Арабиясына, АКШга, ошондой эле дүйнөдөгү бейпилдикти бийик туткан бардык элдерге каршы урулган катуу сокку болду, ошондуктан биз мындан ары террорчулардын артынан сая түшүп, сазайын колуна бермекчибиз", - деди Эр-Рияддын расмий өкүлү. Дүйшөмбү күнү Эр-Рияддагы бомба жардырууларынан 34 киши, алардын арасында 8 америкалык жаран набыт болушкан.

XS
SM
MD
LG