Линктер

ишемби, 25-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 17:37

Ирактын дагы бир мурдагы жетекчиси америкалыктарга багынып берди


Америкалык аскерий жетекчиликтин айтымында, Ирактын дагы бир мурдагы жетекчиси колго түшүп берди. Америкалыктар издөө салган Ирактын 55 мурдагы жетекчисинин тизмесинде ал онунчу орунга коюлган. Колго түшкөн генерал Камал Мустафа Абдалла Султан ал-Тикрити президент Саддам Хусейндин Республикалык гвардиясынын баш катчысы болуп иштеген. Аны менен изделген 55 адамдын жыйырма үчү колго түштү.
XS
SM
MD
LG