Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:00

Бириккен Улуттар Уюму Бишкекте маалымат катчыларын окутууда


БИШКЕК. Бүгүн Бишкекте мамлекеттик башкаруу органдарынын маалымат катчыларын окутуу максатында бир апталык семинар өз ишин баштады. Аны Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасынын колдоосу менен президенттин маалымат кызматы, Орусиядагы Коммуникация боюнча көз карандысыз институт, Коммуникациялык Башкаруу Академиясы уюштурууда. Семинарга башкаруу тармактарынын 32 маалымат катчысы катышып жатат. Семинардын алкагында 20-майда «Кыргызстандагы маалыматтын өнүгүш келечеги» аттуу «тегерек үстөл» талкуусу болот. Анда мамлекеттик маалымат саясатынын концепциясы, калкты чынчыл маалымат менен камсыз кылуу, бул тармак боюнча улуттук кадрларды даярдоо маселелери талкууланат. «Тегерек үстөлгө» Кыргызстанда иштеп жаткан жергиликтүү маалымат каражаттарынын жетекчилери, чет өлкөлүк маалымат каражаттарынын өкүлдөрү чакырылды.

XS
SM
MD
LG