Бул тууралуу АКШнын коргонуу министри Дональд Рамсфельд билдирди. Вашингтондогу пресс-конференцияда Рамсфельд менен чогуу кабарчылардын суроолоруна жооп берген генерал Ричард Майерс болсо беш тоннадан жеңил ядролук курал айрым учурда эффективдүү болушу мүмкүн экендигин белгиледи:
- Ядролук курал химиялык жана биологиялык элементтерге таасир этет. Мисалы антракстын же күйдүргүнүн уругун гамма нурлары жок кыла алат дешет. Ал эми химиялык куралды алсак, (атомдук жардыруудан чыккан) ысыкка химиялык элементтер туруштук бере албайт.
Экинчи Дүйнөлүк согуштун аягында Жапаниянын Хиросима шаарына ташталган бомбанын салмагы 12 жарым тонна болгон. Андан шаардын таш-талканы чыгып, 140 миңдей киши каза тапкан. Ал эми беш тонналык ядролук бомбаны жактагандар ал чоң кыйроо алып келбестен, бункер сыяктуу татаал буталарды жок кыла алат деп айтышууда.
Таңкы жаңылыктар түрмөгүн даярдаган - Жаңыл Жусубжан, Прага