Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:12

ЭРТЕҢ БИШКЕКТЕ АЯЛ-ЭРКЕКТИН САЯСАТТАГЫ ТЕҢ УКУКТУУЛУГУНА АРНАЛГАН КОНФЕРЕНЦИЯ БАШТАЛАТ


БИШКЕК. Эртең Бишкекте аялдардын жана эркектердин саясаттагы тең укуктуулугун камсыз кылуу стратегиясына арналган эл аралык конференция өз ишин баштайт. Бул жыйынга Казакстандын, Өзбекстандын, Тажикстандын жана Кыргызстандын делегациялары, ошондой эле Германия менен Австриянын эксперттери катышат. Конференцияда мурда Советтер Союзунун курамына кирген Борбордук Азия өлкөлөрүндөгү аялдардын саясаттагы орду, алардын азыркы таптагы саясий активдүүлүк деңгээли талкууланат. Эл аралык конференция Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун Демократия институту жана адам укуктары боюнча бюросунун, Конрад Аденауэр фондунун жана президенттик администрациянын көмөгү менен уюштурулууда. Жыйын өз ишин бүрсүгүнү аяктайт.

Кабарлар топтомун Бишкектен даярдаган Азиза Турдуева

Редактор – Жыргалбек Касаболотов

XS
SM
MD
LG