Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:12

ПАРЛАМЕНТ ТААСИРДҮҮ ТОКТОМ КАБЫЛ АЛГЫСЫ КЕЛЕТ


Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйыны дүйшөмбүдө Кыргызстандагы коомдук коопсуздук маселеси боюнча жума күнкү талкууну улантты. Бирок, палата мурда болжогондой, аталган маселеге байланыштуу токтом бул күнү кабыл алынган жок. Талкууда депутаттардын бир пикирге келе албай калышы токтомду кабыл алууну дагы бир күнгө кечеңдетти.

Токтом долбоорун палатанын тапшырмасы боюнча Коопсуздук, тартип коргоо жана адам укуктары боюнча комитеттердин башчылары Исмаил Исаков, Алымбай Султанов жана Оксана Малеваная иштеп чыгышкан. Анда Аксы, Бишкек-Торугарт, «Оберон», Жалалабад окуяларына, Коопсуздук кеңешинин катчысы Мисир Ашыркуловго кол салууга байланышкан кылмыштарга басым жасалып, чечим долбоору беш багыт менен белгиленген. Жума күнкү макулдашууга ылайык дүйшөмбү күнү эртең менен палатага сунушталган долбоорду депутаттар күнү бою ар кыл өңүттө талкуулашты.

- Биз токтомдо, - дейт депутат Алевтина Проненко,- президенттин көңүлүн көзөмөлдөн чыгып, өлкөнүн коопсуздугун реалдуу коркунучка алып келип жаткан кылмыштуулук жагдайына бурушубуз керек.

Депутат Өмүрбек Текебаевдин пикиринче, Кыргызстанда кылмыштуулуктун артып баратышына башкаруудагы мыйзамсыздык түрткү болууда:

- Бирөөнүн үйүнө эртең менен граната ыргытты дейт, биздин чоң чиновниктин уулуна. Чынбы-жалганбы, билбейм. Атаандаштарын четтетиш үчүн сырттан келип жаткан бизнесмендер баарына барууда. Төңкөрүш жасайбыз дегени да мамлекеттик бийликти өзгөртөбүз деген сөзү ,- деди Ө.Текебаев.

Депутаттардын дагы бир тобу тартип коргоо органдарын бир жактуу айыптоого негиз жоктугун, аларга материалдык-техникалык жардам керектигин, коопсуздукту сактоодогу алардын алгылыктуу иштерин да баалоо зарылдыгын белгилешти. Ал эми депутат Айдар Керимкулов милиция кызматкерлерин тикелей ишинен алаксытуу максатында атайын күчтөр аракет кылып жатышы ыктымал деген көз карашын айтты:

- Мен эмгиче түшүнбөйм, бир кыймыл түзүлүп жүрөт, биздин Азике Бекназаров башкарган президенттин кызматтан кетишин талап кылуу кыймылы. Азыр ошондой маселени коюп, иштей турган маалыбыз. Бүт маселени чечип, жыргап, эми ошол маселе калган экен да. Мына ошого окшогон маселелер күчтүү органдарды алардын профессионалдык иштеринен алаксытып аткандыр, элге кандайдыр бир түрткү , күч берип, канагаттандырып жаткандыр…

Талкуунун жүрүшүндө өлкөдө болуп жаткан кылмыштуу окуяларга байланыштуу саясий күрөш, терроризм, экстремизм өңдүү жагдайлар менен байланыштырылган көп божомолдор айтылды. Бирок, эки күнгө созулган талкуунун жүрүшү депутаттардын баарын эле канааттандырган жок. Токтом долбоорун иштеп чыккан комитет төрагаларынын бири Алымбай Султанов өз кесиптештерин маселеге чечкиндүү мамиле жасабай, ыкшоолук кылып жаткандыгы үчүн сындады:

- Биз, бул жерде отурган депутаттар кылмыштын ачылышы үчүн ички иштер, башкы прокуратура кызматкерлери сыяктуу эле Жогорку соттон райондук сотко, коопсуздук кызматкерлерине чейин бирдей жооп бергидей жагдайды түзүшүбүз керек. Ошондо жетекчинин кылмыш ачууга жоопкерчилиги болот.

Парламент талкуусунда биринчи вице-премьер-министр Курманбек Осмонов депутаттардын сын-пикирлерине ыраазычылык билдирүү менен, күч структура кызматкерлерине сыноо берүүнү суранды.

Парламентте талаштын өзөгүн айрыкча токтом долбоорундагы үчүнчү жана төртүнчү сунуш түздү. Анда тартип коргоо органдарына жетиштүү көзөмөл жүргүзбөгөндүгү үчүн өкмөттү кызматтан кетирүүнү жана жергиликтүү тартип коргоо органдарына көзөмөл жүргүзбөгөндүгү үчүн Ош, Жалалабад облустарынын губернаторлорунун жана тиешелүү райондук администрация башчыларынын жеке жоопкерчиликтерин кароону президентке сунуштоо маселелери камтылган. Токтомдун бул өңүтүнө каршы болгондор менен эки сунушту бириктирүүнү каалагандардын саны дээрлик теңме-тең болду. Бириктирүүнү каалагандардын ичинен депутаттар Апсамат Масалиев менен Өмүрбек Текебаевдин күч структураларынын, областтык, райондук жана Бишкек шаардык администрация башчыларынын жоопкерчилигин кароону президентке сунуштоо жөнүндөгү бири-бирине жакын сунуштары палатада колдоо тапкан жок. Добуш берүү долбоордогу бул эки сунуштун биротоло алынып салынышын шарттады. Айрым депутаттар дароо бул эки сунуш кирмейинче, парламенттин эки күндүк талкуусу эч нерсеге арзыбай каларын, парламенттин аброюна доо кетерин айтып чыгышты. Биринчи вице-премьер- министр Курманбек Осмонов, күч структура жетекчилеринин катышуусунда жүрүп жаткан талкуу 27-майда улана турган болду.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG